Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

ЖАМААТТЫК КООПСУЗДУК КЕЛИШИМИ: СӨЗДӨН ИШКЕ ӨТҮҮ НИЕТИ


Аскерий-экономикалык кызматташуу боюнча Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мамлекеттер аралык комиссиясынын экинчи отуруму 10-августта Бишкекте ишин баштады. Анда уюмга мүчө өлкөлөр чыгарган аскерий жарак-жабдыктарды колдонуунун техникалык-нормативдик документтери, кызматташууну дагы тереңдетүү маселелери талкууланмакчы.

7 өлкөнүн башын кошкон аскерий-экономикалык кызматташуу уюмунун ортолук аскерий жарак-жабдыктарын бирдиктүү техникалык-нормативдик документтерге ылайыкташтыруу, аскерий кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү жолдорун талкуулаган комиссия жыйыны жабык эшик артында артында өттү. Жыйын башталар алдында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысынын орунбасары Валерий Семериков эларалык террорчулук менен жанкечтиликке каршы күрөштү күчөтүү милдети коюлуп, уюм мүчөлөрү ал үчүн биргелешип аракет кылышы зарыл экендигин белгиледи.

- Кенен-кесир талкуудан соң белгилүү бир сунуштарга, бир пикирге келишти. Уюм ичинде бул ишти дагы күчөтүү керектиги айтылды. Президенттер бул боюнча бизге тапшырма беришип, аны август айына даярдоону тапшырышкан. 15-августта Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысы президенттерге коркунучтарга кантип каршы туруу жөнүндө орток сунуштарыбыз тууралуу маалымат берет.

В.Семериков уюм мүчөлөрү эларалык терррорчулук, баңги ташууга каршы гана биргелешип күрөшпөстөн, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга өз ара кол кабыш көрсөтө тургандыктарын ырастады. Мындан тышкары уюм мүчөлөрүнүн аскерий-экономикалык кызматташуусу эки тараптуу жүрбөстөн, көп жактуу, ар тараптуу болуусуна жетишүү зарылдыгы айтылды. Уюм мүчөлөрүнүн Орусия менен тыгыз карым-катышы өз ичара мамиле-катышта көрүнбөй жаткандыгы белгиленди.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Орусия тарабынын төрагасы Иван Матеров көп тараптуу кызматташууга өтүү зарылдык катары чыгууда дейт.

- Бул өзү олуттуу милдет. Себеп дегенде, аскер-экономикалык карым-катышта негизинен эки тараптуу гана мамиле, Орусия менен калган 6 өлкөнүн ортосунда гана жасалып келди. Айталы, Кыргызстан – Өзбекстан же Кыргызстан - Армения карым-катышы жокко эсе болуп келди. Көп тараптуу дегенде уюмга кирген 7 өлкө бир документ, бирдей эреже, жалпы стандарт боюнча иштейт. Мисалы, интеллектуалдык менчиктин корголушу боюнча бир жерге кайрылууга мүмкүндүк түзүлөт. Биз азырынча жаңы жолдун башында гана турабыз,- деп айтты И.Матеров.

Уюмга кошулуп жаткан Өзбекстандын экономика министринин орунбасары Шавкат Түлегенов келишимге расмий түрдө кирген соң биртоп иштер аткарыла тургандыгын маалымдады.

- Бизде жакын арада тийиштүү түзүмдөр ишке киришип, комиссиянын ишине активдүү катышабыз.

Жамааттык коопсуздук келишимине кирген 7 өлкөнүн ортосундагы аскерий-экономикалык карым-катышты дагы жандантуу аракетине Орусия өзгөчө кызыкдар. Алтынчы жылга аяк басып бараткан келишим уюмдун ишин жандантып, ичара анча ымаласы жок мурдагы союздук, азыркы эгемен өлкөлөрдүн ортосундагы аскерий-экономикалык кызматташтык алдында башын кошуу аракетин көрүүдө. Буга кошумча, Жамааттык кызматташуу уюмуна мүчө Борбор Азия республикалары Шаңхай кызматташуу уюмуна киришкен. Орусия менен Кытайдын таасири күчтүү бул уюм да кийинки кездери коопсуздук маселелерине көбүрөөк ыктоодо.

XS
SM
MD
LG