Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

НУРЛАН КОНОЕВДУ АТЫП КЕТИШТИ


9-августтан 10-августка караган түнү Ысыккөлдөгү Сары - Ой айылындагы «Радуга» пансионатында маркум Рыспек Акматбаевдин жээни Нурлан Коноев ок тийип каза тапты. Бул окуя коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты. Айрымдар бул окуяны уюшулган кылмыш топтору маркум Рыспек Акматбаевдин жакындарына ачкан согуштун уландысы катары баалоодо.

Чолпоната шаарынын тартип коргоо органдары кабарлагандай, Нурлан Коноевге ал Сары –Ой айылында жайгашкан “Радуга” пансионатынын түнкү клубунда эс алып жатканда белгисиз адамдар тарабынан ок атылган. Нурлан Коноев ооруканага жетип көз жумган. Ок анын жансакчысы Эрик Жапаровго да тийген. Учурда ал Чолпоната шаарынын ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Анын абалын дарыгерлер оор деп баалашууда.

Ички иштер министрлигинин басма-сөз катчысы Аида Бакированын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Нурлан Коноевге ок “Макаров” маркасындагы тапанчадан атылган:

- Окуя болгон жерден 9 мм 8 патрондун гильзасы табылды. Ок түнкү саат 1:40 чендерде атылган. Нурлан Коноевдин киндик жагына 1 ок, табарсык тушуна 3 ок жана ичине 1 ок атылган. Ал эми анын жансакчысы Жапаров көкүрөк тушка октон жаракат алды. Мындан сырткары сол бутунун таман жагына жана оң бутунун балтырына ок тийген. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду, -деп билдирди Аида Бакирова “Азаттыкка” берген интервьюсунда.

Бул окуя боюнча коомчулукта ар кыл божомолдор айтылууда. Маселен адвокат Жаныбек Нарымкуловдун пикиринде, Нурлан Коноевдин киши колдуу болгонуна уюшулган кылмыш тобунун түздөн түз тиешеси бар:

-Бул жерде уюшулган кылмыш тобу тарабынан буйрутма өлтүрүү болду деп ойлойм. Анткени Нурлан Коноев Рыспектин жакын тууганы болуп жатпайбы, -дейт Жаныбек Нарымкулов.

Кылмыш дүйнөсүндө “авторитет” деп саналган маркум Рыспек Аматбаевдин өлүмүнөн кийин анын ордуна Камчы аттуу жигит келди деген маалыматтар жарыяланган. Башкы прокуратуранын пресс-катчысы Токтогул Какчакеев бул жерде кылмыш топторунун ичинде Рыспек Акматбаевдин мүлкүн талашуу жүрүп жатат деген ойдо:

-Жаңы “авторитет” Камчы келди. Ал кылмышкерлердин президенти болдум деп Суусамырдан той өткөрдү. Бул Камчы деген колониядан качып кеткендигине байланыштуу издөөдө жүрөт. Эмне үчүн ошонун барын көрүп турган биздин органдар ошолорду кармап, мыйзам чегинде жоопко тартпайт. Бул жерде жаңы уюшулган кылмыштын жетекчилери, топтору келип Акматбаевдин менчигин Акаевдин менчигин талагандай талашып жатышат, - дейт Токтогул Какчекеев.

Эскерте кетсек, Рыспек Акматбаев ушул жылдын 10- майында Бишкекте киши колдуу болгон. Анын өлүмү боюнча иштин бети бүгүнкү күнгө чейин ачыла элек.

XS
SM
MD
LG