Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Кыргызстан өз жараны тууралуу түшүндүрмө сурап Орусияга кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз атуулунун Өзбекстанга берилип жатышы боюнча түшүндүрмө сурап, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жана Башкы прокуратурасына кайрылды. Учурда кыргыз жаранына байланышкан кырдаалды Кыргызстандын Москвадагы элчилиги көзөмөлдөөдө. Мындай маалымат министрликтин басма сөз кызматынан алынды. Өткөн жумада Орусия Башкы прокуратурасы 12 өзбек качкынын жана алардын катарында кыргызстандык атуул Мамиржон Таштемировду Өзбекстанга өткөрүп берүү чечимин кабыл алган. Иваново шаарында кармалган бул өзбек улутундагы атуулдар былтыркы Анжиян окуясына тиешеси бар деп шектелүүдө. Жергиликтүү укук коргоочулар болсо алардын бул окуяга эч кандай тиешеси жоктугун айтышууда.

XS
SM
MD
LG