Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:35

ИЗРАИЛ МЕНЕН ЛИВАН ЭЛДЕШҮҮГӨ МАКУЛ БОЛУШУУДА


Израил менен Ливан Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чакырыгы менен элдешүүгө макул болушту. Бирок Ливанда согуш уланууда. Израил аскерлери Хезбулланын айыгышкан каршылыгына туш болуп жатышат. Израилдик согуш учактары бүгүн Ливандын ондогон айылдарына жана шаарларына абадан сокку урду.

Израилдин өкмөтү ушул тапта жыйын өткөрүп, Коопсуздук кеңеши сунуш эткен резолюцияны колго салганы жатат. Израилдин "Хааретс" гезитинин жазышынча, Израил ал тургай барымтага алынган эки жоокеринин ордуна Хезбулланын туткундагы согушкерлерин бошотууну талкуулаганга макул экен.
БУУнун баш катчысы Кофи Аннан кечээ Израил менен Ливандын өкмөт башчылары эртеңден баштап, ок атышууну токтотууга макул болгондугун бышыктады:

- Эки жетекчи согуш аракеттерин токтотууга макул болушканын кулак кагыш кылууга кубанычтуумун. Макулдашуу 14-августта Гринвич убактысы боюнча таңкы саат беште күчүнө кирет.

Израил кечээ тикучмасы кыйраганда 19 аскеринен ажырап, бешөө дайынсыз жоголуп жаткандыгын маалымдаган. Ал эми Хезбулла бүгүн Израилдин түндүгүн ракетадан аткылап, Сафед шаарында бир киши набыт болуп, бир нечеси жаракат алды. Ливанда болсо, Али Ал Нахри айылын израилдик учактар бомбалаганда, 3 карапайым адам шейит кетип, 13ү жаракат алган. Түштүктөгү Тир шаарында үйгө бомба келип түшкөндө, беш киши, анын ичинде бир эне үч баласы менен күм-жам болду.

Кечээ Изриалдин өкмөт башчысы Фоуад Синиора анын өкмөтү БУУнун резолюциясын бир добуштан жактыргандыгын бышыктаган эле. Хезбулланын жол башчысы Саед Хассан Насралла мурдатан Израил аскерлери да шартты сактаса, анын күчтөрү элдешүүгө макул боло тургандыгын кулак кагыш кылган.

Жаңыл Жусупжан, Прага

XS
SM
MD
LG