Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Нарында 200 гектар дан эгин аянты өрттөлүп кетти


НАРЫН. Өрт кырсыгы кече 13-августта болгон. Нарын районунун Аккудук айыл өкмөтүнүн Каражүн участкасында күндүзгү саат он бирлерде тутанган өрт, болжол боюнча 160 гектар буудай, 40 гектар арпа аянтты каптаган. Келтирилген зыян 375 миң сомго чыгууда. Мындай маалыматты Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын бөлүм башчысы, майор Болотбек Шайымкулов бүгүн маалымат кылды. Өрттү өчүрүүгө элүүдөй адам, төрт соколу трактор, бир өрт өчүрүүчү атайын автоунаа тартылган жана саат 21ге карата өрт толук өчүрүлгөн.

Күмөндөр Усупов

XS
SM
MD
LG