Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:16

КЫТАЙ БАҢГИЗАТ ТАШУУГА КАРШЫ ТУҢГУЧ МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛАТ


Кытай өз аймагына Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азия тараптан тымызын агылган баңгизаттарды токтотуу үчүн жаңы аргаларды издей баштады. 22-августта кезектеги отурумун баштаган Эл Өкүлдөрүнүн Бүткүл Кытайлык Жыйыны (Кытай парламенти) баңгизат аткезчилигине каршы мыйзам долбоорун талкуулай баштады. Бул мыйзам долбоору үчүн 27-августта добуш берилээри күтүлүүдө. Расмий маалыматка караганда, Кытайда азыркы тапта бери дегенде 700 миң баңгичи бар. Эгерде тийешелүү кадамдар жасалбаса? Баңгичилердин саны кескин көбөйөөрү ыктымалдан алыс эмес.

Кытайда тээ илгертеден эле «дүйнөнүн чордону – биздин өлкө» деген түшүнүк кеңири орун алып келген. Ушул тапта Кытай чынында эле дүйнөдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жайылткан ири булактардын чордонунда калгансыды.

Анткени, «Алтын жарым ай» деп аталган Ооганстан менен Пакистан, «Алтын үчбурчтук» аталган Мянмар, Тайланд жана Лаос Кытайдын түштүк-Батыш жана Түштүк-Чыгыш ыптасында жайгашкан өлкөлөр.

Кытайдын экономикалык жактан тездеп өнүгүүсү, анын бир миллиард 300 миллиондуу калкы үчүн турмуш-тиричилигинин уламдан-улам жакшырып баратышы, атуулдарынын кирешелеринин көбөйүшү дал ушул өлкөгө карата Батыш инвесторлорунун эле кызыгуусун арттырбастан, эл аралык деңгээлде баңгизат саткан кылмышкерлердин да «шилекейин чууртууда».

Эл Өкүлдөрүнүн Бүткүл Кытайлык Жыйынынын отурумунда чыгып сүйлөгөн Кытайдын Коомдук Коопсуздук министринин орун басары Чжан Шинфеңг «мыйзамсыз баңгизаттардын агылышын тизгиндөө жаатында» кырдаал улам курчуп баратканын айтты.

Швециянын Уппсала униеврситетинин (Uppsala University) «Жибек Жолун иликтөө» программасынын адиси Никлас Сванстрөмдүн (Niklas Swanstroem) айтымында, дал ушундай баңгизат чыйырлары, адатта, борбордук бийликтин таасири чабалыраак болгон аймактар аркылуу өтөт.

Дал ошондой аймак – Шинжаң-Уйгур автоном району, дейт швед адиси:

- Бул аймакта биз жалпы Кытайдын алкагын алганда каржылык жактан өп-чап жашаган этностук азчылык бар экенин билебиз. Бул азчылыктын өкүлдөрү үчүн Борбордук Азиядагы карым-катнаштарына таянып, баңгизатты ташып келүү жеңилге турат.

Кытайдын батышына тымызын агылган баңгизат, негизинен, Ооганстанда өндүрүлөт да, Тажикстандын бийик тоолору аркылуу Шинжаң-Уйгур автоном районуна өткөрүлөт.

Быйыл Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизат былтыркыдан кыйла көбүрөөк болоору алдын-ала боолголонууда. 22-августта Кабулда чыгып сүйлөп, ооган президенти Хамид Карзай өз өлкөсү үчүн апийим өстүрүү террорчулуктан да олуттуу кесепет кийгизчү коркунучка айланганын баса белгиледи.

Борбордук Азия өлкөлөрү да коңшу Ооганстандагы апийимдин быйылкы мол түшүмүн өздөрү үчүн жаңы балаа катары санааркоо менен баалашууда.

Ал эми эл аралык коомчулук болсо, алиги швед адиси Сванстрөмдүн айтымында, баңгизат ташуучуларга каршы күрөштө өзгөчө тыгыз кызматташууга тийиш:

- Эл аралык кызматташтык жокко эсе болуп жатат дешке болот. Менимче, ооганстандык баңгизаттардын өзгөчө олуттуу базары болуп саналган Европа жана Кытай чындап бири-бири менен эриш-аркак иш алып барууга муктаж. Менимче, Иран да аларга кошулууга тийиш. Бул өлкө баңгизатка каршы чыныгы күрөш жүргүзүп, бирок ит жыгылыш болуп келет.

Айтмакчы, өткөн жылы эле Кытайда дээрлик алтымыш миң киши баңгизат кылмышына байланыштуу камакка алынган.

XS
SM
MD
LG