Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

АЛМАНИЯ МЕНЕН ФРАНЦИЯНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ИРАНДЫ СЫНГА АЛЫШТЫ


Кечээ күнү Париж шаарында Франция президенти Жак Ширак жана Алманиянын канцлери Ангела Меркель жолугуп, көптөгөн эл аралык маселелерди талкуулады. Эки жетекчи - Ирандын өзөктүк программалары менен байланыштуу Тегеранга жасалган эл аралык коомчулуктун сунушуна берилген жоопту сынга алышты. "Албетте, биз Иран маселесин дагы талкууладык. Алар берген жоопту биз кылдат изилдеп чыктык. Тилекке каршы, ал жоопто негизги маселелер, мисал үчүн уран байытуу иштери токтотула турганы жөнүндө эч нерсе деп айтылган эмес", - деди Меркель айым. Июндун башында жасалган сунушка Тегеран 22-августта жооп берген. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Иранга кайрылып, уран байытуу иштерин 31-августка чейин токтотууну сунуштаган.

XS
SM
MD
LG