БИШКЕК. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Учурда шаардын таштанды жеринин жанында жер басып алуучулар тарабынан 100гө жакын үй курулган. Курулуш жана архитектура боюнча агенттиктин жетекчиси Ишенбай Кадырбеков “Азаттыкка” билдиргендей, учурда өлкөдөгү социалдык-саясий абалды эске алып мыйзамсыз курулган үйлөрдү бузуу туура эмес. Бул “социалдык нааразычылыктарга” алып келет, дейт Кадырбеков.