Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

ГРУЗИЯ МЕНЕН АЗЕРБАЙЖАН ЕВРОКОМИССИЯНЫН СЫНЫНА КАЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 29-августта Еврокомиссиянын өкүлдөрү Еврошаркеттин Кавказдагы иш-аракеттер планы боюнча Азербайжан, Армения жана Грузия менен макулдашууга жетишилгенин билдиришти. Эми план Еврошаркетке мүчө өлкөлөр тарабынан бекитилүүгө тийиш. Бирок Еврокомиссиянын төрайымы Бенито Ферреро Вальднер өз сөзүндө коргоо тармагынын сарптоолору жогорулап бараткандыгы үчүн Грузия менен Азербайжанды кескин сынга алды.

Иш-аракеттер планы Түштүк Кавказ регионундагы проблемаларды келерки беш жылдын ичинде жөнгө салууну көздөйт. План Түштүк Кавказдагы үч жумурият менен макулдашылганы тууралуу билдирип жатып Еврокомиссиянын төрайымы Бенито Ферреро Вальднер Грузия менен Азербайжанды коргоо сарптоолорун көбөйтүп жатышканы үчүн кескин сындады. Вальднердин айтымында, коргоо сарптоолорунун жогорулап баратканы региондогу жаңжалдардын жөнгө салынуусуна терс таасирин тийгизет. Саламаттык сактоо, билим берүү жана чакан ишкердик тармактарын өнүктүрүү үчүн акчалай каражаттарга каржалып турган өлкөлөрдүн коргонууга мынчалык көп каражат бөлүп жатканы туура эмес, деп билдирди Вальднер айым Словенияда 28-августта сүйлөгөн сөзүндө. Ал ошондой эле рагиондогу лидерлерди сөз жүзүндө тыңдуусунганы менен иш жүзүндө Абхазия, Тоолуу Карабак жана Түштүк Осетия проблемаларын жөнгө сала албай келаткандыктары үчүн кескин сындады.

2005-жылы Грузия коргонуу тармагына бөлүнгөн сарптоолорун андан мурдагы жылга салыштырмалуу 135 процентке көбөйткөн. Расмий Тбилиси муну өлкөнүн коргоо тармагын НАТОнун стандарттарына төп келтирүү пландары менен түшүндүрөт. Бирок Грузиянын мындай аракеттери көз жаздымда калбады. Түндүк осетиндердин көпчүлүгү эми Грузия Түндүк Осетияны өзүнө кайра күч менен каратып алууну көздөп жатканын айтып чыгышты.

Бирок ошого карабастан Иш-аракеттер планын кабыл алуу бул өлкөлөрдүн коргоо сарптоолорун кыскартууну шарттабайт. Ферреро Вальднер Еврошаркеттин кошуналары менен алакалашуу саясатынын негизги максаты региондогу жаңжалдарды жөнгө салуу, жэ эч болбосо басаңдатуу экенин белгилеп кетти.

Кавказ боюнча иш-аракеттер планы октябрь айында Еврокомиссиянын төрайымы Бенито Ферреро Вальднердин Еврошаркеттин азыркы төрагасы -Финляндиянын өкүлдөрү менен бирдикте Кавказга жасай турган визитинде кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG