Башкы ассамблеянын быйылкы сессиясына биринчи ирет мусулман аял, Бахрейндин өкүлү Хайа Рашед ал-Халифа айым төрайымдык кылууда. Рашед ал-Халифа уюмдун алдыдагы жылдагы эки маанилүү милдетин бөлүп көрсөттү. Биринчиси – реформа процессин илгерилетүү,мурдагы сессиядан калган иштерди бүтүрүү. Экинчиси – адам укуктары боюнча Кеңеш, Бейпилдик комиссиясы сыяктуу жаңы түзүлгөн мекемелерди чыңдоо.
Баш катчы Кофи Аннан өткөн аптадагы сөздөрүнүн биринде Улуттар Уюмунун бүткүл ишинин үч уңгусу - тынчтык жана коопсуздук, экономикалык жана социалдык өнүгүү, адам укуктары жана мыйзам улуктугу - жалпы баары түп туткан принципке айланганын белгилеген эле. Аннандын айтымында, уюм айрым чөйрөлөрдө белгилүү ийгиликтерге жетишти, башка бир чөйрөлөрдө дагы күч үрөп иштөөгө тийиш.
Башкы ассамблея быйыл Улуттар Уюмунун жаңы баш катчысын шайлайт. Бу кызматка талапкерди Коопсуздук кеңеши сунуш кылат. Азырынча талапкерлер бешөө,баары Азиядан – Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Пан Ги Мун,Индиянын өкүлү Шаши Тарур, Таиланддын вице-премьери Суракиат Сатиентай,Иорданиянын өкүлү ханзаада Заид ал-Хусейн, шриланкалык дипломат Жаянта Дханапала. Кечээ буларга алтынчы талапкер – Латвиянын президенти Вайра Вике-Фрайберга кошулду. Аны бул кызматка Балтик кылаасындагы үч өлкө көрсөттү.
Мындан тышкары быйыл Улуттар Уюмунун жогорку аткаруучу органы - Коопсуздук кеңеши реформаланышы керек. Бу милдетти Аннан үстүбүздөгү кылымдын реалдуулугу катары сыпаттап, Коопсуздук кеңеши реформаланбаса, жалпы уюмдун реформасы мүмкүн эместигин эскертти.
Айрымдар Кеңештин мүчөлөрүн 24кө жеткирүүнү, бирок азыркы туруктуу беш мүчөгө вето салуу укугун калтырууну сунуш кылышкан. Башкалары туруктуу мүчөлөрдүн саны жети же тогуз болсун, аларга вето салуу укугу берилбесин дешет. Туруктуу мүчөлүккө талапкерлер катары Индия, Япония,Бразилия жана Германия аталган. Бирок азырынча бир да сунуш колдоо таба элек.