Балтик кылаасындагы өлкөлөрдөн дүйнөлүк экинчи согуш жылдары эмиграцияга кеткендер көп болгон. Мындан он беш жылдай илгери Эстония, Латвия жана Литва көз карандысыздык алган соң эмигранттар өз жер,өз мекенине кайта башташты. Мурдагы эмигранттар менен бирге алардын чет өлкөлөрдө төрөлүп же торолуп, ошол жакта эр жеткен бала-бакыралары да атажуртуна кайтышты. Алардын айрымдары, мисалы, Валдас Адамкус – Литванын, Вайра Вике-Фрайберга – Латвиянын президенти болгонго жетишти. Эми алардын катарына Тоомас Хендрик Илвес кошулду. Өткөн ишембиде эстон парламенти аны өлкөнүн жаңы президенти кылып шайлады.
Адамкус – Каунаста,Вике-Фрайберга – Ригада төрөлгөн. Алардан айрымаланып, Илвес согуштан кийин Стокгольмда жарык дүйнөгө келген. Бирок үчөө тең түндүк Америкада – АКШда жана Канадада торолуп,ошол жакта окуп, билим алышкан. Илвес Эстонияга кайтканга чейин “Азаттык” радиосунда он жылдай иштеген.
Балтик жерине кайткандардын мындай ооматын эмне менен түшүндүрсө болот? Мунун сыры эмнеде?
Борбор Европадагы посткоммунисттик өлкөлөрдөн айрымаланып,Балтик кылаасындагы республикаларга көп нерсени жайдак жерден баштоого туура келди, дейт Тарту университетинин саясий илимдер боюнча профессору Андрес Казекамп. Үчөөндө тең дипломатиялык кызматтар дээрлик жок эле, армия жок эле. Ушул жана башка структураларды түптөп, түзүүдө эл аралык тажрыйба, экспертиза зарыл болчу. Бу жагынан эмиграциядан кайткандар табылгыс ресурс болду. Ал эми Борбор Европадагы өлкөлөрдө калыптанган саясий жана аскери бюрократия,дипломатиялык кызматтары бар эле. Бу чөйрөдө иштегендердин баары чет жактан келгендерди өгөйлөп карап, мартабалуу кызматтарды алардан кызганып турушат. Балтик кылаасындагы өлкөлөрдө мурдагы эмигранттар мындай кырдаалга кабылышкан жок, түп мекенге алар бат эле байыр алып, мамыр-жумур болуп кетишти. Буга бир жагынан аталган үч өлкөдөгү адам ресурсунун чукактыгы да себеп болду. Үч өлкө биригип келгенде бу планда Москванын жарымына да тең келбейт.
Илвес,Фрайберга жана Адамкус, албетте, эл аралык иштерде алда канча натыйжалуу өтөлгө беришет, мыкты данакер боло алат деген эсепте шайланышканы да калетсиз. Бери эле дегенде алар постсоветтик бюрократтарга караганда Американы, Батыш Европаны жакшы билишет,алар менен ыкчам тил табышып, жакшы мамиле түзө алышат.