Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:29

ЭНЕРГЕТИКА РЕФОРМАСЫ: САТЫЛАТ-САТЫЛБАЙТ?


Өкмөт энергетика тармагын реформалоо программасын кайрадан иштеп чыгып, жыл аягына чейин парламенттин кароосуна коюуну көздөөдө. Бөлүштүрүү компанияларын жеке колго берүү ачык тендер аркылуу жүрмөкчү. Бирок да өкмөттүн жаңы сунушу парламенттен колдоо тапса гана ишке ашат.

Президент К.Бакиев «энергетикалык секторду эч кылчактабай өз ээлерине берген оң» экенин айтып, жакында элге кайрылуусунда «энерготармактар боюнча тендер» жарыялоо сунушун билдирген. Буга чейин бөлүштүрүү компанияларын кантип жеке колго өткөрүүнүн жол-жобосун ойлонуп келген өкмөт эми ачык тендерге курулушу бүтпөй келаткан «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» ГЭСтерин, ага кошуп мамлекеттин мойнунда олтурган Бишкек жылуулук борборун ачык соодага коюп сатууну ойлоно баштады. Буга кыйладан бери кеп болуп келаткан электр энергиясын бөлүштүрүү компаниялары да кириши керек.

«Электр тармактары» акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбековдун ырасташынча, Нарын дарыясындагы курулушу бүтпөй турган эки ГЭС оголе көп акчаны талап кылчу оор жумуш.

- «Камбарата 1 – 2» ГЭСтери бул өтө чоң, ири долбоолордун бири. Болжолдуу эсеп боюнча эле мына ушул эки долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 миллиард ашуун АКШ доллары талап кылынат,- дейт Сапарбек Балкыбеков.

«Камбарата» ГЭСтеринин курулушун аягына чыгаруу, ага тикелей инвестиция тартуу тууралуу кыйладан бери сөз болуп келатат. Орусиялык, казакстандык ишкерлер ана-мына келип жумушун баштаганы жатат, дегенден бери деле кыйла суулар агып кетти.

Нарын дарыясындагы электр станцияларынын баки-жогу улуттук менчик катары мыйзам негизинде ырасталып, ошондон маселенин тагдыры барып-келип эле парламенттен чечилгени турат. Бирок да депутаттардын көпчүлүгү курулушу бүтпөй турган эки ГЭС менен Бишкек жылуулук борборун жеке колго берүүгө каршы эмес. Чалкеш маселе энергетикалык бөлүштүрүү компанияларына байланыштуу чечилет. Анын жөн-жайын депутат Акматбек Келдибеков мындайча түшүндүрөт.

- Бөлүштүрүү компанияларын башка инвесторлорго беришке мен каршымын. Шайлоочуларым да ушундай катуу талап коюшкан. Эгер бөлүштүрүү компанияларын, «Түндүкэлектр», «Ошэлектр» жана башка компанияларды кыргыз ишкерине 40 –50% жоготууларын жоюп, ишин оңдо деп берсе, каалаган кыргыз атуулуна берсе каршы эмесмин. Бир сомго баалап берсин.

Өкмөттүн экономикалык саясатына, энергетика тармагын кризистен алып чыгуунун айла-амалын таба албай келатканына бушайман экенин кыйла жылдар ГЭС курулушунда иштеген, кесиби боюнча энергетик, азыркы депутат Осмонбек Артыкбаев деле жашырган жок.

- Президент кайрылуусунда энергетиканы ээсине берели деп айтты. Энергетика - бул мамлекеттики. “Мамлекеттики” деген бул элдики деген сөз. Анан да менчикке бериш керек дегенге мен кошула албайм. Себеп дегенде, биздин азыркы туура эмес саясат, коррупция өнүгүп аткан чакта энергетиканы бирөөгө берип коюш, бул оор маселени жең ичинен чечип коюуну түшүндүрөт. Кыргыздын таянган байлыгын сатуу – бул элдин кызыкчылыгын сатуу.

Электр энергетикасынын жеке колго өтүшүнө карапайым калк деле нааразы.

- Менин атым Ишенбей Күрөңкеев: - Жеке менчикке өткөндө алар каалаган баасын коюп алышып, карапайым элге кыйын эле болот.

- Исак Такырбашев: - Мамлекеттин өзүндө эле калса жакшы болмок. Жеке менчикке өткөндөн кийин ал өзүнүн баасын көтөрөт. Элди да караш керек.

Байкоочулардын баамында, энергетика тармагын реформалоо сыдыргыга салгандай ыраат менен жүрбөй, саясий конъюнктуранын кызыкчылыгынан, болбосо эларалык каржы уюмдарынын өктөм талабынан улам чыгып, натыйжасы аткаруу, мыйзам чыгаруу бийликтеринин тиреши менен аяктоодо. Бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүү демилгеси бул ирет да артынан чоң саясий талашты ээрчите келгени турат.

XS
SM
MD
LG