Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

ТУРСУНБЕК АКУН ВАРШАВАДА КЫРГЫЗСТАНДЫ АКТАГАНГА АРАКЕТ КЫЛДЫ


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократия институту жана Адам укуктары боюнча бюросунун демилгеси менен 4-октябрдан бери Варшава шаарында адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы талкууланып жатат. Бул жыйынга Кыргызстандын акыйкатчысы, Президенттин адам укуктарын коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы, жарандык коомдун жоон топ өкүлдөрү катышууда. Жыйында Кыргызстандын өзбек качкындарын мекенине күч менен кайтарып бериши кескин сынга кабылууда.

Кыргызстандан расмий делегацияны жетектеп барган президенттин карамагындагы адам укуктарын коргоо боюнча комиссиясынын башчысы Турсунбек Акундун маалыматына караганда, конференцияда соттун көз карандысыздыгына, өлүм жазасына, качкындарга, адамга запкы көрсөтүп, кыйноолорго байланышкан маселе көңүл чордонунда болуп жатат. Бул маселелердин алкагында талкууларга Кыргызстандан барган өкүлдөр жигердүү катышып жатканын «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдырасулова билдирди:

- Кыргызстандан келген делегациянын бир нече өкүлдөрү сөзгө жазылганбыз. Ошонун ичинде мен да биздеги кыйноолорго жана терроризмге каршы күрөшкө байланышкан абал тууралуу сүйлөйм.

Абдырасулованын айтымында, Кыргызстандын дарегине олуттуу сындар айтылууда. Алардын ичинен айрыкча өзбек качкындарынын Өзбекстандын башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилиши кескин сынга кабылды.

- Мен расмий делегациянын башчысы катары беш качкындын Өзбекстанга берилишине Кыргызстандын президентин же мамлекетти күнөөлөөгө болбойт. Бул жерде башкы прокуратура берип салып, конвенсияны бузуп, чоң ката кетирди деп, биздин мамлекетти актаганга аракеттерди көрдүк,- деп белгиледи Турсунбек Акун «Азаттыкка» телефон аркылуу берген маалыматында.

Анжиян окуясында ооп келгендердин ичинен качкын макамын ала албай калган өзбек качкындарды Кыргызстан узак мөөнөттүү соттук териштирүүлөрдөн кийин 8-августта өзбек бийлигине кайтарып берген. Муну баш прокурор Камбаралы Конгантиев жергиликтүү жана эл аралык мыйзамдардын чегинен кыйшаюсуз жасалган кадам деп белгилеп келатат:

- Өзбекстанда зөөкүрчүлүк кылып, кылмыш жасап, Анжияндын прокурорун зөөкүрчүлүк менен өлтүргөн жанагы Пирматов, дагы башкалары качып келген Кыргызстанга. Төртөө да, бешинчиси жанагы Тажихалилов дегени бар. Ташбаев дегени бар алардын арасында. Менин пикирим: кылмышкерлер, адам өлтүргөндөр түрмөдө жатыш керек, - деген «Азаттыктын» суроолоруна берген жоопторунун биринде баш прокурор.

Анткен менен жарандык коом кыргыз бийлигинин мындай кадамын саясий чечим катары баалап, адам укуктарына доо кетирди деп кескин сындап чыгышкан. Август айынын этегинде Кыргызстанга келген АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер да эл аралык нормаларды сактоо жагынан Кыргызстан ишенимди актай албай жатканын белгилеп, кабатырлануусун айткан:

- Бизди андан да көп тынчсыздандырган нерсе – ошол Өзбекстанга өткөрүлүп берилген өзбек атуулдарынын келечеги кандай болорун азыр эч ким айта албайт.

Жакында өткөн эки мамлекет президенттеринин Ташкент жолугушуусунда качкындар маселеси талкууланган-талкууланбаганы жабык бойдон калды. Ал эми Кыргыз президентинин расмий сапарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын баш прокурорлору өз ара укуктук кызматташтык багытында алкактык макулдашууга кол коюшту. Жергиликтүү укук коргоочулардын айрымдары бул адам укугун коргоо жаатында жагдайды жакшыртууга кепил боло аларына ишенбей турушат. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосу менен адам укуктарына доо кетирип жаткан фактылар жок эмес дейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG