Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:55

ЧУУ САЛГАН “МАТРЕШКА” ОПЕРАЦИЯСЫ, ИЛЕҢ-САЛАҢ МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯСЫ


Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин 6-сентябрда Варшаванын чек арасынан маңзат менен кармалышы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан окуя болду. Бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, алар 12-сентябрда Жогорку кеңештин жыйынында “Матрешка” операциясын уюштурган президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев экенин айтып чыгышкан. “Коом жана турмуш” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы мына ушул “Матрешка” окуясына арналды.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 595 грамм героин менен Польшада кармалды деген кабар Кыргызстанга тараар менен укук коргоочулар муну бийликтин тукуруусу астында атайын кызмат уюштурду деп чыгышкан. Бул окуяны иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин төрага орун басары Тайырбек Сарпашев башында турган комиссия түзүлгөн. Комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгында Өмүрбек Текебаевге Улуттук коопсуздук кызматы уюштурган деген бүтүмүн 21-сентябрда жарыялап, эртеси күнү 12 пункттан турган токтом долбоорун кабыл алган. Токтомдо коомдук саясий талаптар менен кошо, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Жаныш Бакиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоо башкы прокуратурага сунушталган. Ошондой эле бул окуяны уюштурууга катыштыгы бар адамдарды жоопко тартуу каралган. Учурда депутаттык комиссия «Текебаев Хизб-ут-тахрирдин» мүчөсү, маң заттарын алып баратат», деген маалыматты ким бергендигин тактап билип берүүнү өтүнүп Интерполдун Франциядагы башкармалыгына жана Интерполдун Казакстандагы бөлүмүнө кат жолдогон.

Ал жооптор келгенден кийин бул маселе жыйынтыктактала тургандыгын депутаттык комиссиянын төргасы Тайырбек Сарпашев билдирди.

«Азаттыктын» Казак бөлүмүнүн Астанадагы кабарчысы Бауржан Шайекмет Интерполдун Казакстандагы бюросунун жетекчиси Амиржан Токсонбаев менен байланышкан. Анда Токсонбаев Стамбул-Варшава каттамындагы учакта кайсы өлкөнүн жарандары, кайсы кызматтагы адамдар экендиги айтылбаганын, бирок Текебаев деген атуул маң заттарын алып баратат деген маалымат келгенин билдирген. Эл аралык нормаларга ылайык ал маалыматты Варшавага кабарлашкан. Интерполдун Казакстанадагы бөлүмүнүн башчысы депутат Текебаев тууралуу маалыматты кайсы өлкөдөн алганын, аны ким бергендигин айтуудан баш тарткан.

Интерполдун Казакстандагы бөлүмү эмне үчүн кыргыз парламентинин депутаттарына алигиче жооп бербегенин, депутат Болот Шерниязов мындайча жоромолдоду:

"Мүмкүн Казакстан тарап бул документтерди кандайдыр бир саясий соодалашуу максатында кармап турабы? Же болбосо, «матрешкага» байланыштуу алынган маалыматтар аркылуу кийин кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан тарапка кысым жасабайбы? Ал документтер бар экендиги баарыбызга маалым. Кийин ушул бийлик турганда мүмкүн бул бийликке саясий-экономикалык чоң компрамат катары колдонбойбу? Мына маселе ушунда турат".

Ал эми «Матрешка» операциясына байланыштуу окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын иш аракеттери тууралуу комиссиянын мүчөсү Мелис Эшимканов:

"Мамлекеттик комиссия жыргатып деле иш кылган жери жок. Башкы прокуратура теңирден-тескери депутаттык комиссияны күнөөлөп, сурак берген күбөлөр биринчи айткандарын башкача өзгөртүп атышат. Камбаралы Конгантиев тикеден-тике президентти коргоого өтүп алды".

Эшимканов белгилегендей, мамлекеттик комиссия бул окуяга байланыштуу адамдарды күнөөсү жок деп актаган чечим чыгаруучудай. Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын башчысы Токтогул Какчекеевдин айтымында, Текебаевдин маң зат менен Польшада кармалышынын мыйзамдык жана укуктук жактары иликтенүүдө. Какчекеев ошондой эле бул окуяга катыштыгы бар делип, депутаттык комиссия тарабынан доомат коюлуп жаткан президенттин иниси Жаныш Бакиевдин да Конституциялык укугу сакталышы керек экендигин белгиледи. Анын айтымында, прокуратура кызматы бул окуя боюнча тынымсыз иштөөдө.

Коомчулукта “матрешка операциясына” байланыштуу окуя бийлик тарабынан жаап-жашырылып, “жабылуу аяк, жабылуу бойдон калат”, деген пикирлер айтылууда. Аз жерден ак жеринен айыпталып, чет жерде соттолуп кете жаздаган Өмүрбек Текебаев мамлекеттик комиссия туура чечим чыгарат деген ойдон алыс.

"Бүгүнкү бийлик бул кылмыштын бети ачылышына кызыкдар эмес. Мүмкүн болушунча тоскоолдуктарды жасап атат, деп ойлойм. “Матрешка операциясына” күмөн саналган адамдар эркиндикте. Алар өз үйүнө мамлекеттик бийликтеги айрым адамдарды чакырып, тапшырма берип жаткандай. Тергөө ишине жооп бере турган органдардын жетекчилери айыпталуучулардын үйүнө түндөсү барып, чай ичип туугандашып чыгып атса, бул эмнени айтат? Президент жакында укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн жыйнап, учурдагы абал боюнча сүйлөшүп катуу тапшырма берди. Ошол жерде ушул маселе боюнча бир ооз да кеп кылган жок. Мунун өзү өлкөнүн башчысы буга кызыкдар эмес экендигинин далили. Бул окуя жеке адамдын тагдырына эле тийиштүү болбостон, Кыргызстандын аброюна доо кетирген окуя болду. Бул бизде ыпылас саясий тажрыйба болуп кетүү коркунучу бар деген ойду дүйнөгө таратып атат".

Айрым байкоочулар “Матрешка” операциясы депутат Өмүрбек Текебаевдин абройуна эмес, жалпы Кыргызстандын эл аралык аброюна “көө жапкан” окуя болгондугун айтышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев коопсуздук кызматынын мындай ыпылас ыкмасын өз жарандарынын Конституциялык укугун тебелеген караөзгөй мамилеси катары бааларын билдирди. Анын пикиринде, бул окуя чет элдик инвесторлордун Кыргызстанга келишине терс таасирин тийгизет.

Депутат Текебаевдин Варшавада маң зат менен кармалышын, бийликке ыктагандар бул ишти Текебаев саясий упай топтоо үчүн өзү уюштурду дешсе, айрымдары Бакиев менен Текебаевдин ортосуна жик салуу максатында үчүнчү күчтөр уюштурушу мүмкүн, деген көз карашта. Ал эми жарандык коомдун өкүлдөрү Текебаевди каралоо максатында коопсуздук кызматы тарабынан уюштурулган бул чагымга бийлик саясий баа берүүсүн талап кылышууда.

14-сентябрда Жогорку Кеңеште бул маселе боюнча катуу талкуу болуп, депутаттык комиссия, көпчүлүк депутаттар президенттин иниси Коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Жаныбек Бакиев «Матрешка операциясын» депутат Текебаевге каршы атайын уюштурган, деп чыгышкан. Жыйынга катышкан президент Курманбек Бакиев бул окуяны иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзгөнүн, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул маселе ачык, айкын, калыс чечилерин билдирген.

"Эгерде ушул комиссиянын жыйынтыгында, ким гана болбосун. Менин тууганым болобу, же башка болобу тиешеси бар болуп чыкса, мыйзам чегинде толук айыбын тартат жана жыйынтыкты чыгарам".

Бакиев ошондой эле бул окуяга байланыштуу мамлекетик комиссия бир айдын ичинде иликтеп бүтүп, жыйынтыгын чыгарат, деп кесе айткан эле.

«Реформа үчүн» кыймылы 2-ноябрда өткөрүүчү мөөнөтсүз митингде бир катар олуттуу талаптар менен катар Текебаевге каршы уюштурулган «Матрешка» операциясына саясий баа берүүнү, президент Бакиевдин жакын туугандарынын жооптуу кызматка коюлушу тууралуу маселелерди да козгой турган болуп атат.

Аманбек Жапаров, Жаркын Суран кызы, (Бишкек), Уланбек Абдырахманов (Талас), Бауржан Шайекмет (Астана).

XS
SM
MD
LG