Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ : ПРЕЗИДЕНТ СҮЙЛӨШКӨНДҮН ОРДУНА БУЛЧУҢУН КӨРСӨТҮП ЖАТАТ


- Президент менен оппозициянын түз сүйлөшүүлөрү качан өтөөрү белгисиз, балким өтпөй да калабы. 2-ноябрь артка кайткыс күн эмес деңизчи, бирок бир апта убакыт калды. Кыймылдын саясий кеңеши бүгүн да жыйналасыздарбы, дегеле 2-ноябрдагы митингдин болор болбосу ишке ашпай жаткан жолугушууга, анда кандай кеп-сөз жүрөрүнө көз каранды эмеспи?

- Биздин сүйлөшүүлөрүбүз жакшы жыйынтыгын берсе дагы 2-ноябрдагы митинг болбой койбойт. Жакшылык болгон күндө да президентти жетелеп чыгып ошол митингге, мына мындай келишимге келдик деп айтып, көргөзүп митингдегилерди таратышыбыз керек. Экинчиден, ошондой келишимге келерибизге менин көзүм жетпейт. Эки тарап тең бири тоону сүйлөсө, бири ойду сүйлөп атышат. Мындай учурларда тарыхтан карап көрсөк негизги инициатива байлыгы чоң, колунда куралы, бийлиги бар президент тарапта болуш керек эле. Президент тараптан өтө бийик акылдуулук, сабырдуулук керек эле. Бул киши ал жолго түшпөстөн, сүйлөп келатып эле же булчуңун, же муштумун көргөзүп коюп атат. Мындай учурда кыргыздын менталитети бар, ооруп жаткан кыргыз дагы, ооруп жаткандан көрө уруп жатайын деп андай ишке башын байлап кете берет. Мындай ишти өтө тыкандык менен билимдүүлүк кылып, башка Европа, Азия элдеринин тажрыйбаларын кылдат изилдеп чыгып, этият болбосо ортодо кан төгүлүп кетиши мүмкүн. Кан төгүлүп кетсе оппозицияга дагы, бийликке дагы аброй алып келбейт. Анда экөө тең кыргыз тарыхынын барактарынан шыпырылып ташталышы керек болуп калат.

- Президенттин басма сөз кызматы бул дүйшөмбүдө тараткан кабарга караганда Курманбек Бакиев 30-октябрда Жогорку Кеңешке келгени жатат. Сиз жаңы сунуш болот деп күтөсүзбү?

- Мен жаңы сунуш болот деп күтпөйм. Курманбек Бакиев ойлоп атат, баягыдай эле келип, элди опузалап, 30-40 мүнөт сүйлөп коюп кетип калам деп. Эгерде Курманбек Бакиев келген күндө да өткөндөгү жыйындай болуп ар бир депутатка 10 мүнөттөн сөздү берип туруп, ошолордун катарында Курманбек Бакиев 10 мүнөт сүйлөсө гана жыйынга жыйылышат. Болбосо келбейт депутаттар.

- Президент кечээтен бери түштүк регионунда сапарда жүрөт. Кичи мекени Жалалабат, андан кийин Баткен облусун кыдырат экен, бул мурдатан белгиленген жумушчу сапар болушу мүмкүн. Ошентсе да сиздин көз карашыңызда күтүлүп жаткан окуялар отставка жөнүндөгү кеп-сөздөр айтылып жаткан учурда элден колдоо алуу максатын да көздөбөйбү бул иш сапар?

- Бакиевди колдой тургандар бир жума болуп калды Бишкекте жүрүшөт антимитингге чыгабыз дешип. Жер-жерлерде кыргыздардын тынчын албай деле койсо болот. Ошентип чыкканда көп болсо бүткүл түштүк боюнча 10 миң шайлоочуну алып келиши мүмкүн. Антип элди дүрбөтүп, булчуңун, автоматын көрсөтүп өзүнүн бийлигин сактап калгандын ордуна өзүнүн таптаза акылы менен жигердүүлүк иши менен сактап калса жакшы болор эле. 2-ноябрда эптеп-септеп жымсалдап жок кылганы менен, аны 2-декабрда кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат, бере албайт. Мындай убактылуу нерселер болбойт. Түбөлүк маселелерди чечиш керек.

- Парламенттик оппозиция өкүлдөрү да өз шайлоочулары менен жолугушууда негизинен 2-ноябрь жөнүндө сөз кылса керек?

- 2-ноябрь жөнүндө сөз болот. Биздин шайлоочулар да келе башташты депутаттарыбызды колдойбуз дешип. Кырдаал көп жакшы эмес.

- Демек ушул жуманын соңуна чейин сүйлөшүү болуш керек го?

- Сөзсүз болуш керек, түндөсү болсо да сүйлөшүш керек. Мүмкүн болсо 2-ноябрдагы митингге Текебаев, Бакиев, Атамбаев, Куловдор кол кармашып алып, мына биз келдик, эл үчүн иштеше турган болдук, бири-бирибизди алдабай турган болук деп чыгып элди тынчытпаса, тигил жак да, бул жак да тынчыбайт.

XS
SM
MD
LG