2-ноябрда өтөрү күтүлүп жаткан митингге Жогорку Кеңеш депутаттарынын өткөн жума күнү берген баасы- президент менен өкмөттүн кандай иштеп жатканынын далили. Мындай пикирин «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү, депутат Мелис Эшимканов президент Бакиевдин Жалалабадда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу билдирди. Президент кечээки жолугушууларда Кыргыз өкмөтүн отставкага кетирүүгө негиз жок деп, мындай жалган маалыматтар парламенттин айрым депутаттары тарабынан таратылып жаткандыгын белгилеген. (BuS)