Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

КОЖОМКУЛДУН БАЙГЕСИН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ


29-октябрда Бишкекте эркин күрөш боюнча Каба уулу Кожомкулдун байгесине арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Мында кыргызстандык балбандар 5 алтын медалдын ээси болушту.

Кыргыздын даңазалуу балбаны Каба уулу Кожомкулдун байгесине эл аралык турнир 45 ирет өткөрүлүп, быйыл кыргыздын биринчи спорт чебери, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Сарыгул Чекировдун 70 жылдык мааракеси менен коштолду. Себеби өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сарыгул Чекиров 1962- жылы ушул мелдештин алгачкы жеңүүчүсү болгон.

Быйылкы турнирде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тандалган 250 балбаны күч сынашты.

Жеңил салмакта баш байгени Кыргыз улуттук университетинин студенти Турарбек уулу Нурлан жеңип алды.

60 кг. салмакта Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, чолпонаталык Максат Жакшылыков жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Кожомкулдун баш байгесин уткан Максат мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, айрыкча казакстандык атаандаштарынын чеберчилиги жогору экенин, эми декабрда Катардын Доха шаарында өтө турган 15-Азия оюндарында өлкө намысын коргой турганын билдирди.

66 кг салмакта дагы кыргызстандык Нооруз Белеков биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды.

Ал эми 74 жана 86 кг салмакта казакстандык балбандар Айдар Сыздыков менен Дмитрий Синеев Кожомкулдун байгесин утуп, олжолуу кайтышты.

Мелдеште мөрөй алган казакстандык Айдар 3-ноябрда Караганда шаарында өтө турган эл аралык турнирге кыргыз балбандарын чакырып, мындай таймашууларда чеберчилик өсөөрүн айтты.

96 кг. салмакта финалда оштук Мехти Мамедов менен бишкектик Бекболсун Кушубаков күч сынашып, акыркы мүнөттө оштук балбан Мехти упай менен утуп алды.

Оор салмакта жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Урмат Мустапаев баралына келгенде Кожомкулдай балбан болоорун айгинелеп, турнирдин баш байгесин утуп алды.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эшим Кутманалиев Кожомкул атындагы мелдештин деңгээли мурдакыдан төмөндөп кеткенин, Орусия, Түркия, Кытай, Монголия, Иран баштаган өлкөлөрдөн балбандарды чакыруу менен эл аралык кадыр- баркын көтөрүүнүн зарылдыгын билдирди:

- Жаштарга шарт түзүп, камкордукка алынса, бул турнирдин мааниси зор. Себеби Кожомкулдун байгесине арналган мелдештен чыгаан балбандар такшалуу мектебинен өтүшкөн. Мындай мелдешке спорт державалары болгон Орусия, Түркия, Иран, Кытай, Индия баштаган 10 мамлекеттин командасын чакырып, жогорку деңгээлде өткөрүүгө болот эле. Быйылкы мелдешти уюштуруу начар болду.

Өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Тургунбаевдин айтымында Кожомкул атындагы мелдеш таанымал балбандар Руслан Искенов, Жеңиш Дөңбаев, Кенжебек Өмүралиев, Русланбек Мажинов, Алмаз Аскаров жана башкалардын чеберчилигин жогорулатып, чоң спорттогу жолун ачкан.

Эми кыргызстандык балбандар үчүн башкы сыноо-Доха шаарындагы 15- Азия оюндары болуп турат.
XS
SM
MD
LG