Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

ӨЗҮ ЖАЙ ТААП ТОКТОЙ ТУРГАН АВТОМАШИНА ЧЫГА БАШТАДЫ


Бизнес чөйрөсүндө байыгандар - көбүнчө жашоону жеңилдеткен бир нерсени ойлоп тапкандар экендигин байкоого болот. Ошондуктан, машина чыгаруучулар парковкага өздөрү токтогон машиналарды рекламалап жаткандыгы таң калыштуу эмес.

Жапондордун Тойота чыгаруучу ишканасы жакында токтотуучу жайга өзү барып турган жаңы машинаны чыгара баштады. Ишкананын ырастоосунда, машина өзү оңго, солго бурулуп, артка кетип, же алга жылып, көчөдөгү тар жерге өзү барып токтойт экен. Бирок айдоочу чалкалап эле отуруп кала турган бул машинанын жаңы технологиясы 8 миң доллар турат, анан калса ал 60 миң доллардык Тойотанын эң кымбат Лексуз ЛС 60 маркасына гана орнотулат.

Деген менен бул жаңылык толугу менен автоматташкан, же башкача айтканда толугу менен өзү жүргөн машина багытындагы мерчемдүү кадам экени айныксыз.

Пол ВандерВерп - Кошмо Штаттарында чыгуугу Машина жана "Айдоочу" журналынын редактору.

Анын айтымында, өтө жакындап келгенде алдыда бараткан машинаны сезип, тормозду өзү баскан машиналар көбөйүп баратат, ошондуктан машиналардын автоматташуусу улам күч алып жаткандыгы айныксыз.

АКШдагы эң ири бизнес журналы болгон "Форбстун" божомолунда, 10 жылга жетпеген убакта айдоочулар бара турган жерин компютерде программалап койсо эле жетиштүү болот, машина бараар жериңизге өзү жеткирип барат.

Азырынча эң автоматташкан машиналар да адам баласынан көп жардамга муктаж. Ошол эле өзү парковкалаган машинаны айдоочу алдыда жана артта эмне бар экендигин компютерге салып, программалашы керек, ошондон кийин гана авто-парковка функциясы ишке кирет. Арийне,"сиз тийиштүү маалыматты программалап бүткөнчөктү, ордуңузга башка бирөө машинасын коюп алышы ажеп эмес" деп эскертет ВандерВерп.
ТАМЕКИ ТАРТУУГА ТЫЮУЛАР КҮЧӨДҮ

Такыр бөлөк темага – Европада ишке алыныш үчүн тамекини таштоого туура келген кырдаалга кайрылсак. Тамеки тартканга зыян, бирок тамекинин түтүнү айланасындагыларга да андан кем эмес зыян. Ушундан улам эски континентте Ирландиядан тартып Италияга чейинки өлкөлөрдө тамекиге тыюу күндөн күнгө күчөөдө.

2007-жылдын февралынан тартып Батыш Европада эң көп тамеки чегилген Францияда бардык коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынат, ал турган эң атактуу тамеки чегилген Париж кафесине да артыкчылык берилбейт.

Фирмалар да өз кеңселеринде тамеки тартууга толук тыюу салып, ишке алганда тамеки чеккендер убара болбой эле койсун деп айта башташты. Минтип отурса, Кошмо Штаттарында да, Европада да, тамекини үйдө гана чегүүгө болуп калат окшойт.

XS
SM
MD
LG