Кечээ кечки саат алтыларда ардагер милициялар Жогорку Кеңештин алдына бүгүнкү майрамды белгилөө үчүн сахна орнотушмакчы болушкан. Бирок ага уруксат жок деген шылтоо менен Биринчи май РИИБинин кызматкерлери мүмкүндүк берген эмес. Милиция ардагери Райымкул уулу Касымбек «Азаттыкка» жөн гана милиция күнүнүн урматына салтанат уюштурмакчы болушканын, бул жерде эч кандай саясат жоктугун айтып, милициянын мындай аракетин мыйзамсыз деп баалады. (SM)