Партия төрагасы учурдагы саясий кырдаал боюнча доклад жасап жатат. «Азаттыктын» кабарчысынын маалыматына караганда, курултайга «Реформа үчүн!» кыймылынын лидерлери толук курамында катышууда. Жалпы катышуучулардын саны миң чамалаш, алардын 426сы - делегаттар. (BuS)