- Мен сүйлөөр алдында - бул жакта президент, премьер-министр, ички иштер министринин милдетин аткаруучу мырза Гүрөңов, Осмонаалы Ниязов отургандан пайдаланып айтып коёюн - жумушка кечигип келдим. Урматтуу министрдин милдетин аткаруучу. Белинский көчөсүнөн тартып Чүй, Фрунзе көчөлөрү милиция кызматкерлери менен курчалган. Машиналарды, биздин машиналарды өткөрбөй жатат. Азыр көз айнегимди үйгө унутуп калган экенмин, машинаны жиберип алдыртайын десем машинабызды өткөрбөй жатат. Сиз ушуга сессия бүткөнчө жооп берип коюңузчу. Же эмне Кыргызстанга өзгөчө кырдаал кирип калдыбы?..
Урматтуу коллегалар! Урматтуу Курманбек Салиевич! Күч колдоном дейсиз, күчтүн алсыздыгы эмнеде? Күчтүн алсыздыгы, Курманбек Салиевич, жалаң эле күчкө таянгандыкта. Сиз мени кыргыз элинин 90 пайызы президент кылып шайлаган деп баса көрсөтүп сүйлөгөндү жакшы көрөсүз. Жалаң эле сизди эмес кыргыз эли тандем үчүн добуш бергенин жакшы билесеңиздер. Кечээ күнкү, бүгүнкү Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүңүздөн кийин сиздин шайлоо алдында берген убада, айткан сөзүңүз кокон тыйынга арзыбай, эптеп гана бийликке жетүүнүн амалы экенине көзүм жетип, сизге болгон ишенимим таш каап турган убак.
Урматтуу Курманбек Салиевич! Айтыңызчы эмне үчүн сиздин ким экениңизди, сырыңызды жакшы билген, жаныңызда жүргөн жан жоокерлериңиз сиздин берген убада, айткан сөзүңүзгө ишенбей... "кыргызда хандын сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн" деп айтат го.
Сиздин президент болгондо эмне кылышыңызды, кимди кандай кызматка коюшуңузду талап кылган тил кат дейсизби же келишим дейсизби, кол койдурууну журт атасы болом деген пенде эмес, жөн эле абийири, ар-намысы бар адам үчүн эмне деген кордук. Ушул жерден да сиз бийлик үчүн баарына даяр экениңизди көрсөтүп койдуңуз. Кол койгон сизге да баракелде, кол койдуруп анан кол алдыңызда иштеп жүргөн адамдарыңызга да баракелде. Кыргыз Республикасынын президенти бир ууч топтун марионеткасы болорун билгенде, кыргыз эли сизге добуш берээри күмөн эле. Кылаарын кылып алып, кыл жип менен бууп алып, Жогорку Кеңешти ширма катары колдонуп, депутаттарды «кукловоддор» деген сөзүңүздүн мааниси мага эми түшүнүктүү болду. Анча болду ал келишимди Жогорку Кеңештен ратификациялап койсоңуз деле болмок. Дагы канча топ менен канча келишимге кол койдуңуз экен.
Бул сөздү урматтуу президент, мен бекеринин айткан жокмун. Эсиңизде болсо керек - Өзбекстанга Сохту берүү жөнүндөгү меморандумга сиз кол койгондуңузду. Ал маселени Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында мен көтөрүп чыккан элем. Ошондо сиз Сохту Өзбекстанга берсек, Баткен, Лейлек райондору Кыргызстандан бөлүнүп, өзүнчө анклавга айланып кала турганын билип туруп байкабай кол коюп алыптырмын деген премьер-министрлик сөзүңүз ошондо катышкан депуттардын эсинде.
Ал эми урматтуу Курманбек Салиевич, Аксы окуясына, Үзөнгүкуушка, Ысыккөлдөгү пансионаттарга кошкон салымыңыз бул өзүнчө кеп. Сиздин Жогорку Кеңешке келишиңизди билген Кыргыз мамлекетинин стратегиялык өнөктөшү Россия өзүнүн башкы прокуратурасы аркылуу бизге жолдогон катында Россия мамлекетинин номур биринчи кылмышкери катары, эларалык изилдөөдө жүргөн Березовскийдин Кыргызстанга жашыруун келип кеткенин тастыктап, Кыргыз мамлекетине нааразы болгонун жашырышпаптыр. Биз депутаттар бул жөнүндө айтып чыкканда жалган деп жанын жеген чекара кызматкерлери, СНБсы, ички иштер министрлиги, башкы прокуратура артын ойлоду бекен. Сиздин эл менен депутаттар менен оппозиция менен ойногон мышык-чычкан оюнуңузду Россия менен да ойносо болот деп чоң жаңылышасыз. Россия- улуу держава. Алар менен болгон достук мамилебизди көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Криминалдык авториттер менен коюн-колук алышып, чогуу тойлогондой Россия - Кыргызстан эмес. Депутаттарды омуролоп, далилиң барбы деп күпүлдөгөндөй, Россияга күпүлдөй албайбыз. Керек болсо алар космостон тарткан сүрөткө чейин алдыбызга таштап коет, урматтуу презедент. Россия өзүнүн башкы прокуратурасы аркылуу жиберген каты Орусияда өз нанын таап жүргөн жүз миңдеген кыргыз жарандарына залакасы тийбейт деп ким кепил боло алат.
Урматтуу Курманбек Салиевич, сиз жетектеген жаңы бийликтин трагедиясы бул - бир ууч элди экиге бөлгөндүгүңүз. Сиз бийликтин бир гана формуласын жакшы өздөштүрсөңүз керек. Орусча айтканда «разделяй и властвуй» деген. Эл гана бөлүнбөй, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаттары эки жээкке бөлүнүп олтурабыз. Жогорку Кеңештин депутаттары гана бөлүнбөстөн сиздин кол алдыңызда иштеген аппарат кызматкерлери, өкмөт дагы эки тарапка бөлүнүп жатат. Эмне үчүн деп бир ойлонуп көрдүңүзбү?
Мунун алдында Жогорку соттун да төрагасы сүйлөдү. Ооба, Жогорку соттун төрагасы бар, Жогорку сот бар, сотторубуз бар. А бирок, соттордун адилеттүүлүгү, акыйкаттыгы каякта? Ал жөнүндө ойлондукпу. Мына биздин генерал урматтуу Исмаил Исаков акевчилер кайра бийликти алганга аракет кылып жатышат деп сүйлөдү. Урматтуу генерал бир аз бутуңуздун учуна туруп карап көрүңүзчү. Алардын баары эле бийликте олтурбайбы. Аларга бийликтин эмне кереги бар. Бүгүн Бакиевди, президентти колдогондор кимдер? Кечээкүнкү Акаевге каршы чыккан саясатчыларбы? «Алга Кыргызстан» деп эле ал байкуштарды эмнеге күнөөлөйсүңөр? 90 пайызы сизди колдоп жатпайбы. Бирок бир гана нерсени эскерте кетейи,н Курманбек Салиевич. Көпчүлук саясатчыларга Акаевдин да, Бакиевдин да кереги жок. Кайсы бийлик болбосун алар өз кызыкчылыгын, өзүнүн байлык дүйнөсүн, бизнесин сактап калганга аракет кылгандар. Бул жерден ошол Акаевге каршы айткан депутатыбыз Искак Масалиев жок экен. Эсиңиздедир «Акаев үчүн керек болсо өлүп берем» деп Токон Шайлиеванын айтып кетти эле. Эми Токон эжебизди Искак Масалиев уктатпай жатса керек.
Мен Курманбек Салиевич бир дагы партияда эмес элем, бирок сиз мени «Атамекен» партиясына айдап кирдиңиз. Кыргыздын туу көтөрө турган уулдарынын бири Текебаевге болгон мамилеңиз менен. Сиз жалаң эле мени эмес, канчалаган адамдарды сиздин саясатыңызга, кылган ишиңизге адамдарды башка жакка түрттүңүз.
Урматтуу коллегалар бул бийликтин дагы бир трагедиясы мына бир жарым жылдан бери көрдүңүздөр. Бул бийликте жоопкерчиликтин жоктугу. Акаев талкалап кетти. Он беш жылдан бери эч нерсе калбады, ээлеп алды. Жалгыз эле талкалап кетсе, ичип-жеп алса, бир жарым жылдан бери бирөөнүн колунан кармадыңыздарбы. Бирок, урматтуу коллегалар, чындыкты мойнубузга алалы. Акаев менен кошо талкалашкан адамдардын бири Курманбек Салиевичтин да башка кызматтарын айтпай эле коелу - Акаевдин убагында - премьер-министр ким эле? Бүгүн күч колдонобуз деп айтып жатасыздар. Бүгүнкү бийликте күч жок. Моралдык-нравалык күч жок. Бүгүн күч - эл тарапта. Мына бүгүн чыгат. Бүгүн күч Атамекенин, кыргыздын биримдигин ойлогон эл тарапта. Анан сиз айтып жатасыз биз жөнүндө - депутаттар кол тийбестикке жамынып жатасыңар деп. Мен сизге ушул Жогорку Кеңештен баарыңыздарга ырасмий түрдө айтып коеюн - мен кол тийбестигимди бердим. Мага кол тийбестиктин кереги жок. Башкы прокуратура мага кылмыш ишин козгойм десеңер Жогорку Кеңештен уруксат албай эле койгула. Ушуну мен сиздерге ачык айкын айтып коеюн.
Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн да убакыт бар эле компромистке келгенге мүмкүнчүлүк бар эле. Элдин тагдырын көчөдө чечпей ушул жерде чечкенге мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ушул мүмүнчүлүктү да өзүбүздү жок кылып алдык го деп ойлойм. Анда Өмүрбек Чиркешович айткандай «мындай парламенттин барынын жогу». Рахмат.