Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 12:44

«КОНСТРУКТИВДҮҮ КҮЧТӨР»: БИЙЛИК ТАЛАШЫН РЕФЕРЕНДУМ ЧЕЧСИН


«Кыргызстан конструктивдүү күчтөрү» бирикмеси 23-декабрда референдум өткөрүү сунушу менен президентке кайрылды. Референдумга мамлекеттик башкаруу формасы, президенттин мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөсү жана парламентти таркатуу жөнүндө суроолор коюлушу керек. Бул жөнүндө чечим «конструктивдүү күчтөрдүн» бүгүн Бишкекте болгон курултайында кабыл алынды.

Курултайды өткөрүү демилгеси «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевге таандык. Тургуналиев үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында референдум өткөрүү тууралуу сунуш жасоо чечимине келишкенин жарыя кылды. Анын айтымында референдумга 4 маселе сунушталмакчы. Биринчи суроо - мамлекеттик башкаруунун кайсы түрү Кыргызстанга ыңгайлуу, экинчиси - ошол тандалган башкаруу түрү менен жаңы конституцияны кабыл алууга макулсузбу, үчүнчүсү- жалпы эл шайлаган президенттин мөөнөтүнүн аягына чейин отурушуна макулсузбу, ал эми акыркысы - бүгүнкү Жогорку Кеңешти таркатуу керекпи деген суроолор болмокчу.

«Демократиялык конституциянын биринчи беренесинде, «эл мамлекеттик бийликтин ээси» деп турат. Демек, мындай бийликтин ар кандай тармактары келише калбай калган учурда, эң бир олуттуу маселелер референдумга чыгарылышы керек. Ошондуктан, биз 23-декабрда элдик референдум өткөрүүнү сунуш кылабыз»,- деди Топчубек Тургуналиев.

«Интербилим» борборунун директору Асия Сасыкбаеванын пикиринде, мындай кадамдар менен азыркы бийликтин тараптарлары жөн гана убакытты созуп жатышат. «Ошондуктан «Реформа үчүн» кыймылы менен макулдашылган Конституция бүгүнкү күнү тез арада кабыл алынбаса, коррупция кете берет ушул бойдон».

Элдик референдум жолу ошол эле элди алдоого багытталган деген пикирди кармангандар да болууда. Алардын бири «Алатоо» партиясынын лидери Ысмайыл Батырбек, «Кыргызстан конструктивдүү күчтөрү» бирикмесинин сунушуна караманча каршы.

«Аскар Акаев 4-5 жолу биздин баш мыйзамыбызды референдум аркылуу жамаачылаган. Себеби, карапайым эл буга активдүү катышат деп кыстоо жолу менен айыл өкмөтүнө окшогон бюджетте иштегендерди алып туруп эле референдум өткөрө берип, ушуга чейин келатпайбызбы»,- дейт Ысмайыл Батырбек.

Курултайга «Эркиндик», «Кыргызстандын аялдары», «Эмгек жана биримдик» партиялары жана Курулушчулар федерациясы сыяктуу коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Илим Жанузаков, Бишкек

XS
SM
MD
LG