Бул тууралуу мамлекеттик катчы “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Мадумаров мырзанын айтымында, Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык парламент менен өкмөттүн ыйгарым укуктары кеңейтилди. Ал долбоорго ылайык, премьер-министрликке талапкерди парламент сунуштайт. Эгер ал талапкерди президент эки жолу четке какса, үчүнчү ирет сунушталбай туруп Жогорку Кеңеш дароо бекитип коюуга укуктуу. Парламент болсо дайым иштей турган 75 депутаттан турган орган болот. Конституциялык жана Жогорку соттун курамын президент дайындайт. Ал эми жергиликтүү сотторду Акыйкаттык боюнча улуттук кеңеш деген жаңы түзүлө турган орган дайындайт. Анын курамына депутаттар, соттор жана атуулдук коом өкүлдөрү кирээрин өкмөттүн укуктук саясат боюнча бөлүм башчысы Бектур Зулпуев тастыктады.