Кечээ жарык көргөн гезиттер арасынан «Труд»: «Оппозиция Кыргызстанды бөлүп жаруу аракетин жасап атат», - деп жазса, «Время новостей»: - «Бардык бийлик уюштуруу жыйынына!» - деп жардык айтат. Ал эми «Газета.ру» болсо «өз учурунда жоогазын аталышта ыңкылап чыгарып бийликке жеткен кыргыз жетекчилиги эми оппозиция менен кантип күрөшүүнүн аргасын издеп атат», - деп айткан.
Уюштуруу жыйыны колго салып Негизги мыйзам жердигине кошкону аткан беренелер жана ага президент Курманбек Бакиев менен өкүмөт башчы Феликс Куловдун терс баа беришин орусиялыктар үстөккө-босток кепке алышууда.
Алардын оозундагы бирден бир суроосу Кыргызстандагы ички саясий кырдаал эмне менен аяктайт болуда. Көз карандысыз эксперт Атем Улуняндын болжолунда тараптардын жарашуусу бир нече тепкичте өтөт.
«Парламент менен тил табышууга Бакиев (президент Курманбек Бакиев – ММ)аракет жасайт. Ошону менен катар парламентти кайра шайлоо да өтөт. Эмне дегенде азыркы Жогорку Кеңеш - Акаевдин тушунда шайланган», -деди ал.
Кыргыздын саясатчылары кармашты ырбатып олтурбастан ийри олтуруп түз чечкен ылайыктуу экенин Кеңеш Кулматов айтат:
«Жогорку Кеңешке барып акылдашышып, элдин ынтымагы үчүн кээ бир нерселерден кечип, бөлүшүп, карашып, момундай кылсак монудай болот деп эле чечип коюшса жакшы болот эле», - дейт таанымал дипломат.
Жаат талашкандар жакалашуусун ири мамлекеттер кийлигишип басуу керектигин КМШ өлкөлөр институтунун жетекчилеринин бири Владимир Жигалкин айтат:
«Кыргызстанда америкалык аскерий база менен орусиялык аскерий база улуу мамлекеттердин айкын кызыкчылыгын коргоп турушканын унутуп коюуга болбойт. Ошондуктан бул да тигил да жак (мамлекеттер – ММ) Кыргызстандагы жагдайды ыраатташтырууга аракет жасашы керек», - дейт ал «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы