Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

АКШда ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Америка Кошмо Штаттарында парламенттик жана губернаторлук шайлоолор өтүп жатат. Андан тышкары 50 штаттын үчтөн экисинде губернаторлор дагы кайра шайланууда.

Добуш берүү 7-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен башталды, бирок Кыргызстанда ал убакта кечки саат беш болгон, акыркы шайлоо түйүндөрү - Бишкекте 8-ноябрда эртең менен саат 10 болгондо жабылат. Президент Жорж Буш Техас штатынын Кроуфорд шаарында добуш берди: "Мен бардык америкалыктарды бүгүнкү шайлоого катышууга чакырам. Биз эркин коомдо жашайбыз жана өлкөбүздүн калкы добуш берүүгө канчалык кеңири катышса, биздин өкмөт дагы ошончолук жакшы болот. Сиз кайсы партияны колдобоңуз, же эч бир партиянын мүчөсү болбосоңуз дагы, өз добушуңузду бериңиз жана сиздин үн угулсун", - деди Буш эртең менен өзү добуш берип жатканда.

Америкада бир нече шайлоо өткөрүлүүдө. Биринчиден, Конгресстин ылдыйкы палатасы - Эл өкүлдөр жыйынынын бардык 435 орду үчүн күрөш жүрүп жатат. Экинчиден, Сенаттагы 100 орундун үчтөн бири - 33 орун үчүн дагы добуш берилүүдө. Америкада ар бир сенатор алты жылга шайланат, бирок алардын үчтөн бири ар бир эки жылда жаңыланып турат. Үчүнчүдөн, АКШга кирген 50 штаттын отуз алтысында губернаторлор шайланууда. Андан тышкары, 37 штатта ар башка референдумдар дагы өткөрүлүүдө. Аларга бардыгы болуп эки жүздөн ашык маселе коюлган.

Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүк 12 жылдан бери Республикалык партиянын колунда. Бирок акыркы мезгилде Америка эли арасында президент Буштун өкмөтүнүн саясатына улам көп нааразылык билдирилип жаткандыктан, шайлоонун жыйынтыгында абал өзгөрүшү мүмкүн. Сенаттагы көпчүлүктү колго алуу үчүн Демократиялык партиянын өкүлдөрү алты кошумча мандат алыш керек, Эл өкүлдөр жыйынында болсо демократтар кошумча 15 орунга ээ болсо, көпчүлүк аларга өтөт.

Элүү губернатордун арасында дагы азыркы көпчүлүк - 28 губернаторлук орун - Республикалык партиянын колунда. Кайра шайланып жаткан 36 губернатордун жыйырма экиси республикалыктар, он экиси - демократтар. Калифорния штатынын губернатору Арнольд Шварценеггер дагы кайра шайланып жатат, анын атаандашы - демократ Фил Анжелидис.

"Ньюсуик" журналы жарыялаган акыркы сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, АКШ калкынын 54 пайызы азыр Демократиялык партияны колдойт, республикалыктар 38 пайыз колдоого ээ. Президент Буштун саясатын колдогондордун саны болсо 35 гана пайыз. Андан тышкары, суралгандардын 64 пайызына өкмөттүн ички саясаты дагы жакпайт.

XS
SM
MD
LG