8-9-ноябрда Брюсселге Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов келип, Европа Биримдигинин айрым жетекчилери менен жолугуп кетти. 9-ноябрда маселени Биримдикке кирген 25 мамлекеттин элчилери талкуулады, чечим болсо 13-ноябрда өтө турган тышкы иштер министрлеринин жыйынында кабыл алынууга тийиш.
1-январдан тартып Биримдиктеги төрагалык Алманияга өтөт жана Өзбекстанга каршы былтыр октябрда жарыяланган санкцияларды Берлин алып салууну көздөгөн, бирок аны билип калган укук коргоо уюмдары ага дароо каршы чыгып, президент Ислам Каримовдун режими менен достошууга даярданып жатат деп Алманияны сынга алган.
Андан тышкары Берлиндин демилгесине Лондон, Амстердам жана айрым башка европалык мамлекеттер каршы чыкты, ошондуктан Биримдик - санкциялар алынбайт деп айта баштады. Немис жетекчилеринин айтымында, Ташкенге каршы жарыяланган чектөөлөрдү дагы үч айга улантса болот, Британиянын пикиринде болсо, алар кеминде дагы бир жыл күчүндө болууга тийиш.
Ошол эле учурда Биримдиктен алда канча алыс жайгашкан мамлекетке каршы санкция жарыялоо өтө деле орчундуу жыйынтык бербегени да ачыкка чыга баштады. Ал тууралуу 8-ноябрда министр Норов дагы - санкциялар кимге көбүрөөк зыян тийгизип жатканы али белгисиз деп билдирди.
Анжиян окуялары менен байланыштуу Биримдик былтыр кабыл алган чечим боюнча, Өзбекстандын 12 жогорку жетекчисине Батыш мамлекеттерине келүүгө виза берилбейт, Ташкенге курал сатууга чектөө салынган, андан тышкары Биримдик менен Өзбекстан ортосундагы Кызматташуу келишими токтотулган.
Брюссел шаарындагы "Азаттыктын" кабарчысы Ахто Лобжакас менен жолукканда, атын атабоону суранган бир европалык дипломат билдиргенге караганда, негизги чектөөлөр ордунда кала тургандай. Бирок токтотулган Кызматташуу келишиминин чегинде жаңы аракеттер көрүлө башташы мүмкүн. Министр Норов болсо Анжиян окуялары боюнча биргелешкен эксперттер тобун түзүүнү сунуштады.
Ошол эле учурда Биримдик - адам укуктарын бузуп жаткан Өзбекстанга каршы мамилесин ал жумшартпай турганын көрсөтүүгө да аракеттенүүдө. Биримдиктин Борбор Азия боюнча өкүлү Пьер Морелдин айтымында, бул багытта эч жеңилдик болбойт: "Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү биз сындуу маанайда өткөрүү жолдорун жакшы эле карап чыктык. Менин оюмча, Анжиян окуялары менен байланыштуу биздин тынчсыздануубуз канчалык терең экени жана окуяларды тергеп чыгуу боюнча биздин ниетибиз канчалык күчтүү экени тууралуу өзбек тарап эч алданбаш керек", - дейт Пьер Морел.