Шаршембиде Газа тилкесиндеги турак үйгө урулган сокку техникалык катадан улам болгонун Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт кечээ билдирди. 8-ноябрда Бейт-Ханун шаарында израил соккусунан калк арасында 18 палестин каза болгон. Бул кайгылуу окуяга байланыштуу Ольмерт өкүнүчүн билдирип, бирок, Израилди аткылоо токтотулмайынча, Газа тилкесинде операция улана берет деп эскертти.