Бул тууралуу шаардын биринчи вице-мэри Илия Клименко акыркы күндөрдөгү митингдер учурунда түзүлгөн экономикалык кырдаал боюнча кечээки маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, митингдер учурунда Бишкек шаары күн сайын 2 миллион 900 миң сом жоготкон. Октябрь айында шаар казынасына күнүнө 6 миллион 300 миң сом түшүп турса, ноябрда бул көрсөткүч анын жарымын, 3 миллион 400 миң сомду түзүп калды,- дейт шаар башчынын орун басары.(MSH)