Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

ПАРЛАМЕНТ ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ БОЮНЧА ИШТӨӨГӨ АШЫГУУДА


Бүгүн Жогорку Кеңеш ноябрь айынын иш тартиби, депутат Иса Өмүркуловдун үйүнө граната ыргытылышы жана Конституциянын жаңы редакциясын ишке киргизүү маселелерин талкуулады.

Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин алгачкы ирет чогулган Жогорку Кеңештин депутаттары иш күнүн депутат Иса Өмүркуловдун үйүнө граната ыргытылуусун талкуулоо менен баштады. Депутаттар күч министрликтеринин жетекчилерин чакырып, маселени 1-декабрга чейин иликтеп, маалымат берүүнү тапшырды. Депутаттар андан сырткары өздөрүнүн округдарындагы маселелер, кышка даярдык жана конституциянын жаңы редакциясын практика жүзүндө аткара баштоо, бийлик бутактарындагы жаңы мамилелерди талкуулашты.

Депутат Мелис Эшимканов Жогорку Кеңештин комитеттери мыйзамдарды конституцияга ылайыктап жазууну башташ керектигин билдирди:

"Конституцияга ылайык биздин ишибиз да өзгөрүүгө тийиш. Ал эми комитеттер мыйзамдарды Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырууга батыл киришүүгө тийиш. Биз коррупцияга каршы күрөш дейбиз. Аны өзүбүздөн баштайлы. Бизде шаарда үйлөрү, ак сарайлары болсо да квартира үчүн бюджеттен акча алган 27 депутат бар. Ушуларды ачыка чыгаралы".

Ал эми Темир Сариев өкмөт башчы он күндүн ичинде өкмөттүн жаңы структурасы тууралуу мыйзамды алып келүүгө тийиш деген пикирин билдирди:

"Биз өкмөткө тапшырма берели. Алар он күндүн ичинде өкмөттүн структурасын түзүп алып келсин. Аны парламент бекитет. Президент да өз жардыгы менен буга чейин өзүнө карап келген тийиштүү мекеме,структураларды өкмөткө өткөрүп берүүгө тийиш. Ал кечеңдетсе биз тийиштүү мыйзам кабыл алышыбыз керек".

Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов мыйзамдарды Конституциянын жаңы редакциясына ылайыктоо үчүн атайын программа иштеп чыгууну тапшырганын жана ошол программанын алкагында биргелешип иштөө керектигин билдирди:

"Ошол программаны бирге бекитип, биргелешип иштебесек алты ай тез эле өтүп кетет. Ал жерде конституциялык мыйзамдар бар. Чоң-чоң мыйзамдар бар. Мисалы,кодекстер, саясий партия жөнүндө, өкмөт жөнүндө мыйзамдарды өзгөртүп, алардын баарын конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырышыбыз керек".

Депутат Азимбек Бекназаров жаңы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңешке бардык жоопкерчилик жүктөлгөнүн эскертти:

"Өзүңүздөр айтып жаткандай коррупцияга каршы күрөш, паспорт маселеси жана башка коррупциялык элементтерди сындыра турган биз болуп калдык. Президент эмес, биздин колубузда. Биз тез аранын ичинде жаңы редакцияда берилген ыйгарым-укуктардын чегинде ишибизди башташыбыз керек. Мына ошондо токтотобуз.Башка бирөөдөн, президенттен, министрлерден күтүүнү токтотуу керек. Мен дагы бир ирет айтып коеюн, азыр бардык ыйгарым-укуктар биздин колубузда".

Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG