Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

ГРУЗИЯ КОРГОО МИНИСТРИНИН КЫЗМАТТАН АЛЫНГАНЫ ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР АР БАШКА


Нарын АЙЫП, Прага Грузиянын коргоо министри Ираклий Окруашвилинин кызматтан алынышын айрым байкоочулар Тбилиси менен Маскөө ортосунда акыркы мезгилде орун алган тирешүүнүн жыйынтыгы деп чечмелөөдө. Грузия оппозициясынын пикиринде болсо, министр - өзү мурда Түштүк Осетия тууралуу айткан сөздөрүнүн курмандыгы болду.

Мындан үч жыл мурда Грузиядагы бийликке Михаил Саакашвили келгенден кийин өлкөнүн үч автономиясы - Абхазия, Ажария жана Түштүк Осетия маселелерин жөнгө салууга катуу киришкен жана натыйжада Ажариянын ал кездеги президенти Аслан Абашидзе Маскөөгө качып, бир маселе чечилген. Бирок андан кийин Орусиянын колдоосу менен Абхазия менен Түштүк Осетия Косовонун жолун жолдоп, эгемендүүлүк үчүн саясий күрөштү күчөттү жана келечекте Орусияга кошула турганы жөнүндө ачык айта баштады.

Тбилиси андай аракеттерге каршы чыкты жана 2004-жылдын декабрында коргоо министри болуп дайындалган Ираклий Окруашвили үстүбүздөгү жылдын февралында - жаңы 2007-жылды ал Түштүк Осетиянын борбору Цхинвали шаарында тосо турганын жарыялаган. Маскөө жана Осетия аны - Тбилиси аскерий аракет даярдап жатат деп чечмелеген, президент Саакашвилинин айтымында болсо, Окруашвили өзү Цхинвалиде туулган жана жөн гана Жаңы жылды өз үйүндө тосууну каалаганын билдирген.

Анткен менен оппозициялык депутаттар Георгий Цагареишвили жана Пикрия Чихрадзенин пикиринде, министрдин кызматтан алынышына анын дал ушул сөздөрү себеп болду. Орусиялык саясат таанучу Сергей Марковдун айтымында болсо, Окруашвили акыркы мезгилде Грузиядагы экинчи саясатчыга айланып бараткан, аны айрымдар "экинчи Жвания" деп да атай баштаган. Министр аскерий төңкөрүш да уюштурушу мүмкүн болчу, ошондуктан президент аны алдыңкы сахнадан артка жылдырып койду дейт Марков. Калк арасында коргоо министри кеңири колдоого ээ экенин акыркы сурамжылоолор да көрсөткөн.

Орусиялык "Коммерсант" гезити жазганга караганда болсо, Окруашвили эч кандай төңкөрүш уюштура албайт болчу жана аны кеңири эл колдойт деген сөз дагы апыртма.

Октябрдын башында Грузияда төрт орусиялык тыңчы кармалганын Маскөө Окруашвилиден көргөн жана ошол эле Марковдун айтымында, эки мамлекет ортосундагы мамиленин курчушуна коргоо министри себепкер болгон. Дагы бир орусиялык саясат таанучу Сергей Маркедоновдун айтымында болсо, акыркы мезгилде Маскөө менен Вашингтон ортосунда соода болгон жана Түндүк Кореяга каршы Бириккен Улуттар тарабынан даярдалган резолюцияны Орусия колдогону үчүн АКШдан - Грузияга таасир кылууну сураган. Натыйжада коргоо министри кызматтан алынды дейт Маркедонов.

Министрди 10-ноябрда кызматтан алып, аны экономика министри кылып дайындаганда, президент Саакашвили аны мактап, эки жылдын ичинде ал Грузия армиясын жогорку дэңгээлге өнүктүрүп жеткиргенин белгиледи. Бирок, президенттин айтымында, эң негизги маселелер азыр Грузияны экономикалык тармакта күтүп жатат жана Окруашвили сыяктуу уюштуруучу ошол майданда иштеш керек. "Начарлап бараткан экономиканы көтөрүү максатында биз премьер-министр жана башка өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, экономика министри кылып биздин эң мыкты уюштуруучубуз Ираклий Окруашвилини дайындоону чечтик", - деди президент.

Окруашвилинин ордуна коргоо министри болуп дайындалган 28 жаштагы Давид Кезерашвили - Тбилисиге баш ийбеген жумурияттар кайрадан Грузия курамына кайтаруу аракеттери улантыла турганын билдирди. Айрым байкоочулардын пикиринде болсо, Кезерашвили министр болуп убактылуу гана дайындалды жана анын ордуна жакында Бириккен Улуттардагы Грузиянын элчиси Ираклий Аласания чакырылат.

XS
SM
MD
LG