Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:06

ТОКТОКАН БОРОМБАЕВА: ПАРТИЯЛЫК ТИЗМЕ МЕНЕН ШАЙЛООДО АЯЛДАРГА ЖОЛ АЧЫЛАТ


Кыргызстандын Президентинин алдындагы Аялдар, үй-бүлө маселелери боюнча комиссиянын төрайымы Токтокан Боромбаева өлкөдөгү гендердик саясат боюнча «Азаттык» менен түз эфирде ой-пикир алышты.

- Кыргызстанда гендерлик мыйзамдар дүйнөдөгү эң мыкты мыйзамдардын бири болуп саналып келген. Ал эми жаңы Конституцияда кандай?

- Жаңы Конституцияда биринчи ирет аялдар менен эркектердин укугу бирдей деп белгиленди. Бул көптөн бери күтүлгөн маселе болчу. Бирок өзүнчө бир квота берүү деген маселелер, албетте, каралган жок. Жаңы Конституциянын негизинде аялдарга болгон бир жакшы нерсе - бул партиялык тизме менен шайлоолор болот. Бүгүнкү Кыргызстан көп мамлекеттердин алдында дүйнөлүк деңгээлде парламентте бир аялдын жоктугунан бир топ ыңгайсыз абалда болуп келатат. Бул жакшы эмес көрүнүш. Ошондуктан ушул сыяктанган маселелерди чечүүгө бул жол берет. Анткени, бир мандаттуу округдардан аялдардын дегеле келиши кыйын болуп калды. Айрыкча кийинки кездеги шайлоолор муну көрсөттү. Ошондуктан балким партиялык тизме менен эмдиги 2010-жылы боло турган шайлоодо, Кудай буюрса, аялдар келиш керек.

- Кыргызстанда көптөгөн партиялардан 12 партияны аялдар жетектейт. Алардын ичинен кимиси шайланууга мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейсиз?

- Бүгүн бул аял, тигил аял шайланууга мүмкүнчүлүгү бар деп партиялардан бир-эки аялды айтыш кыйын. Анткени дагы убакыт бар. Аялдар партиясы өткөн шайлоодо эки орун жеңип алган. Өткөндө партиялык тизме менен келген Роза Акназарова азыр бир партияны жетектеп атат. Бир топ жаңы партиялар өсүп чыкты. Албетте, бүгүнкү күндө бул партиялардын бардыгы күчтүү партия деп айтыш али эрте, кыйын. Анткени жер-жерлерде структурасы толук, мыкты, же бекем турган партиялар булардын арасында аз.

Кечээ бизде чоң улуттук конференция болду гендердик саясат боюнча. Бизде улуттук план бар эле гендердик өнүгүү боюнча. Ошонун аткарылышы, анан жаңы программанын долбоорун сунуш кылган чоң конференция болду.
Конференциянын катышуучулары айтышты, балким ушул 12 партия майда-чүйдө партия болбостон биригип бир чоң партияга айланганы жөнүндө ойлонбойсуңарбы деп. Муну конференциянын катышуучулары бардыгы ойлонуп, карап көрүш керек дегендей кылып кетишти. Балким, эмки шайлоого чейин өзүнчө чоң партияга айланып, биригиши мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө биригели деп суурулуп чыккан партиялар жок. Ар бири өзүнчө иштеп атат.

- Аялдарга квота берүү жөнүндө Кыргызстанда сиз айткан күчтүү партиялардын ичинен кимиси маселе коюп келатат?

- Гендердик өнүгүү боюнча өзүнчө мыйзам бар. Ошондо Конституциялык сот, Борбордук Шайлоо Комиссиясы, Эсептөө палатасын шайлаганда өзүнчө квота бар, башка жыныстын өкүлү 70 пайыздан ашпаш керек деген жери бар. Бирок жаңы Баш мыйзамыбызда мындай квоталар бир дагы жерде каралган эмес. Партиялар жөнүндө мыйзамда дагы жок. Бирок чет элде, бир топ мамлекеттерде ушул сыяктанган квоталар бар. Кээ биринде бул квотаны президентке берип койгон, кээ бир жерлерде өзүнчө мыйзам эмес эле бир партиянын сунушу менен калган партиялар ошону колдонуп келген жерлер бар.

Маселен Швецияда бир партиянын тизмесинде ар бир экинчи киши башка жыныстын өкүлү болуш керек деген жери бар. Ошол эле сунушту башка партиялар колдойт дагы ошону менен чыгышат. Ошондуктан аялдар парламентте 45 пайызды түзөт. Ал мамлекеттерде коом ушуну таанып, эгерде ошондой тизме болбосо ал партияга дегеле добуш бербейт. Ошондуктан бул мыйзамдык иретте кирип калган мыйзамда жок болсо дагы. Ал эми бизде партиялык тизмеде сөзсүз түрдө экинчи киши башка жыныстын өкүлү болуш керек деп «Менин өлкөм» партиясы айтып жүрөт.

Кийинки мезгилдерде булар көп жолу ушундай тизме болот деп атат. «Арнамыс» партиясы сөзсүз түрдө аялдарды аралаштырабыз деп атат. Мен турган «Эл мурас» деген партия бар. Биздин тизмеде дагы ошондой болот, Кудай буюрса. Азыр башка партиялар да ойлонуп атат. Бир топ партиялар менен быйылкы жылдын башында жолугушуулар болду эле. Бирок көпчүлүк партиялар бул маселени азыр кичине четке кагып турушат.

XS
SM
MD
LG