Бейшембиге караган түнү эле врачтар Александр Литвиненконун абалы кескин начарлап, жүрөгү олбуй-солбуй согуп калганын айтышкан эле. Дарыгерлер аны жасалма аппарат менен эс алдырып,аман алып калганга аракет жасашты. Ноокастын бөйрөгү иштебей, жүлүнү ууланып, бейшемби күнү кечинде көз жумду.
Литвиненкону адегенде таллий менен ууланган дешкен эле,бирок бейшемби күнү врачтар мындай божомолду жокко чыгарышты жана анын кандай зат менен,качан жана каерде ууланганын тактай албай коюшту. Бул үчүн мүмкүн болгон бардык ыкмалар колдонулганын, эми ишти полиция териштирип жатканын айтып, Лондондогу университет ооруканасынын өкүлү кандайдыр бир кошумча комментария жасагандан баш тартты.
Британ полициясы чалгындоо мекемеси менен биргелешип,1-ноябрда Литвиненко кимдер менен жолукканын аныктоого аракеттенүүдө. Соңку кезде дайын болгон маалыматтарга ылайык, ошол күнү Литвиненко өзүнүн эски таанышы, КГБнын мурдагы кызматкери Андрей Луговойго кезигип,сүйлөшкөн экен. Луговой менен кошо Владимир аттуу бейтааныш жигит да келгени маалым болду. Литвиненкого ал бир чөйчөк чай куюп берген дешет. Полиция азыр ошол жигиттин изине чыкканы жатат. Луговой болсо учурунда Борис Березовскийдин жансакчысы болуп иштеген, ушу тушта анын Москвада менчик күзөт фирмасы бар.
Александр Литвиненко адегенде КГБнын чалгындоо мекемелеринде,кийин ФСБнын терроризмге жана уюшкан кылмышка каршы күрөшүү бөлүмдөрүндө иштеген. 1998-жылы Москвада маалымат жыйынын өткөрүп, өз жетекчилеринен Березовскийди өлтүрүү тууралуу буйрук алганын,бирок аны аткаргандан баш тартканын айтып чыккан. Кийинки жылы Литвиненко камакка алынып, андан соң сотто акталган. Россиялык бийликтер аны үч ирет кылмыш жообуна тартканга аракет кылышкан. Ошондон соң Литвиненко үй-бүлөсү менен тымызын Британияга качып өтүп,саясий баш калка,ал эми быйыл октябрда британ жарандыгын алган эле.
Бүгүн Лондондо анын жакындары жана достору маркумдун көз жумар алдында орус президентине жолдогон билдирүүсүн окуп беришти. Анда Литвиненко кокус тындым болсо, бул үчүн жоопкерчиликти Путинге жүктөгөн. Орус президенти, Литвиненконун айтымында, режимдин сынчылары мүнөздөгөндөй эчтемеден аянбаган адамноо экенин ырастады.
Кремлди өз уулунун өлүмү үчүн Литвиненконун атасы да айыптады. “Абийирсиз бул режим кулаган соң” ал уулунун элесин өчпөс кылганга убада берди. Мындай айыптоолорго Борис Березовский менен КГБнын мурдагы тыңчысы, 1985-жылы Британияга качып өткөн Олег Гордиевский да кошулушту. Гордиевский Кремлдин каттуу сынчысы Анна Политковская тындым кылынганын,Чеченстандын мурдагы президенти да чет өлкөдө опот болгонун, Щекочихин ууланып өлгөнүн санап, мунун баарын диссиденттерге каршы жүргүзүлүп жаткан кампания деп баалады.
Бирок белгилүү саясий автор жана диссидент,учурунда он сегиз түрмөдө жаткан Борис Кагарлицкий мындай чечим эң жогорку деңгээлде кабыл алынганына анчейин ишеничи жоктугун билдирди. Анын айтымында, Литвиненконун өлүмү орус бийликтери үчүн пайдалуу эмес, зыяндуу болорун Кремлдегилер, атайын кызматтардын жетекчилери түшүнбөй кое алмак эмес. Кагарлицкийдин болжолунда муну Кремлдин аброюн түшүрүү үчүн жашыруун кызматтардын кайсы бир куйтку кызматкерлери уюштурган болуу керек.
Эсенбай НУРУШЕВ, Прага