Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

18:30 Кочкор райондук “Эмгек Туусу” гезити имаратсыз калды


Аталган гезит редакциясы басмакана менен бирдикте “Эмгек Туусу” гезити үчүн курулган эки кабаттуу имаратта турчу. Мурдагы баш редактор Курманбек Жумагазиев жумуштан кеткен соң басмакананын ээси катары гезиттин эмгек жамаатын ушул жылдын сентябрында имараттан чыгарып жиберген. Буга нааразы болгон гезиттин эмгек жамааты сотко кайрылган. Нарындагы экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту имаратты Курманбек Жумагазиевге калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Соттун чечимине канааттанбаган тарап облустук сотко кайрылмай болушту. Учурда райондук “Эмгек Туусу” гезити айына миң сом төлөп, ижарада турат.(JI)

XS
SM
MD
LG