Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

ЧЕЧЕНСТАН ПРЕЗИДЕНТИН КОШТОП БАРАТКАН ТОП МАШИНЕ КЫРСЫККА УЧУРАДЫ


Дүйшөмбү түнү Чеченстандын президенти Алу Алхановду коштоп барткан машинелер Ингушетияга жеткен жерден кырсыкка учурады. Президентти кайтаргандардын ичинен бир милиционер каза болуп, үчөө жарадар болушуп ооруканага жеткирилди. Алханов ал түнү Москвадан чыгып Грозныйга федералдык жол менен бара жаткан жана ал башка машинеде олтургандыктан жабыркаган эмес. Яндары кыштагына чукул жерден өтүп бараткан топ машинелерди торой чыккан «Волга» капталдан келип сүзүп калган. «Волганы» айдаган киши мас болуп чыккан.

Чеченстандын лидери Маскөөдөн чыгып түнката үйүнө бартканда Назрановдук районго караштуу (Ингушетия – ММ) Яндырка кыштагынын жанынан «Волга» менен кимдир бирөө алардын машинелердин сүзгөн. Лидерди жандап бараткан кызматкерлер арасынан - Иван Диконенко ошол жерде кайтыш болган.

РИА Новостиге берген жообунда Алханов: «Бул окуя – кадыресе эле жол кырсыгы. Бул жерден мен аАтайылап жасаган бирөөнүн кастыгын көрбөймүн», - деген.

Ошого карабай анализчилдер бул окуянын артында Чеченстандагы жогорку орунду талашуу жаткандай дешет. Алдыңкы күнү Маскөөдө өткөн тегерек үстөл олтурумуна катышкан сенатор Умар Жабраилов: «Рамзан Кадыров жумуриятты башкарышы керек. Ал эми азыр президенттик орунду ээлеп олтурган Алу Алханов өз ыктыяры менен ал кызматтан кетиши керек», - деп айтты.

Ушул билдирүүдө айтылгандай отузга толгон Рамзан Кадыровду атасынын ордуна коюу жумушу башталды дешет. Жакында (18-ноябрде – ММ) чеченстандык милиционерлер артынан кууп келип Маскөөдө атып кеткен Мовлади Байсаровду жумурият жетекчиси Алу Алханов кылмышкер дебей тургандыгын айткан:

«Байсаров менен ал башкарган топ кылмыштуулук менен күрөшкө ошондой эле вахабизм менен күрөшүүгө катышкан», - деген болчу.

Анализчилер болжолунда Байсаровду жок кылуу Кадыровдун көргөзүүсүнөн улам болуп атканда президенттин мындай кеби премьер-министрге каяша айтуу болду дешет. Тымызын тирешүү басылбай аткандыктан бул жолу Алхановдун өзүнө кыр көргөзүп коюу болду дешет.

Ошол эле учурда Кадыров эч убакта президент болбойм деген сөзүн эл алдында кайталап келет.

Кавказ сайты жазганга караганда, «Рамзан Кадыровдун командасы Владимир Путиндин командасынын бир бөлүгү, ошондуктан маселенин биротоло чечилиши жогорку президенттин чечимине жараша болот».

Дагы бир булактан алынган маалыматта: «отуздагы өкүмөт башчынын Чеченстан лидери болуп келиши үч айдан соң ишке ашат. Ал мөөнөткө Алханов да макул болуптур», - деп айтылууда.

Басылмаларда болсо «азыркы тушта Алхановдун бийликте тура турушу баарыдан мурда Кремл үчүн керек. Бийлик Кадыровдун колуна толук өткөндө Кремлдин аны башкарусу кыйын болуп калат» дешет.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG