Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

КАРЫЗДЫ ЖОЮУ ФОНДУ ТҮЗҮЛДҮ


ХИПИК демилгесин Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү Кыргыз өкмөтү менен Бишкекте декабрдын башында талкуулаганы жатат. Программага кирүүнү Кыргызстандын келечегине балта чабуу катары санаган жарандык коомдун бир тобу жолугушууну утурлап, нааразылык акцияларын уюштурууну көздөп жатышат. Бул аралыкта жаштар кыймылы тышкы карыздан кыргызстандыктар өздөрү кутулушу керек деп, улуттук фонд демилгесин көтөрүп чыгышты. Төбөсү көрүнгөн ишкерлердин бири Жумабек Токтогазиев фонд эсебин ачып, ага 1 миллион сом которгонун бүгүн жарыялады.

ХИПИК демилгесине быйылкы жылы кирбей калса Кыргызстан кыйла жеңилдиктерден кол жууп каларын Улуттук банктын төрагасы М.Алапаевдин билдирген жайы бар. Өкмөт бу кытыгылуу экономикалык маселени парламент менен кеңешип чечерин такай айтып келет. Анткен менен тышкы карызды кантип кайтаруу проблемасы экономикалык маселеден өтүп саясий өң-түс алууда. 29-ноябрда Дүйнөлүк банктын ХИПИК демилгесин кыргыз өкмөтү менен талкуулоого келаткан өкүлдөрүнө жарандык коомдун мамилесин билдириш үчүн биртоп жаштар кыймылдары Бишкекте пикет өткөрүүгө камданышууда. «Жарандык платформа» коомдук кыймылынын жетекчиси Алишер Мамасалиевдин ырасташынча, жаштардын көпчүлүгү ХИПИК демилгесин жактырбайт.

- Себеп дегенде Евразия континентинде бир да өлкө мына ушул демилгеге кошулган жок. Биз анын шарттарына токтолгубуз келбейт, эмне үчүн деген суроону койгубуз келбейт. Улуттук банк өзүнчө иш жүргүзүп, жарандык коом өзүнчө жыйындарды өткөрүп жатат. Биз өз позициябызды билдиргибиз келет.

Либерал жаштардын «Эркин муун» альянсынын жетекчиси Мирсулжан Намазалиев 29-ноябрда Бишкектеги Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын жанында пикет өткөрүлөрүн кабарлады.

Жаштар тышкы карызды төлөп берүү боюнча улуттук фонд түзүү демилгесин көтөрүп жатканда «Алеша» жабык типтеги акционердик коомдун жетекчиси Жумабек Токтогазиев чоң ишти баштап, атайын ачылган эсепке 1 миллион сом которгондугун жарыя кылды. Жумабек мырза 2 миллиард доллар акча жалпы журттун карызы дейт. (7:23)

Пластиктен терезе-эшиктерди жасоочу «Гүнел» компаниясынын жетекчиси Ишхан Чатоев көпчүлүк коолдоого алчу демилгеден четте калбай 500 миң сом банк эсебине которуп бере тургандыгын айтты. (11:37)

- Муну мен ойлонуп туруп жасадым. Биздин балдардын келечеги үчүн деп биздин өлкөнүн ар бир жараны колунан келишинче, бир сом болобу, беш сом болобу экономиканы көтөрүш үчүн жардам бериши парз.

Ж.Токтогазиев жаңы түзүлүп аткан улуттук фонддун иши коомчулуктун такай көзөмөлүндө болорун, ага акы албай иштей турган калыс кишилерден кеңеш түзүлүп, ошолор акчанын тыш карыздарды төлөөгө жумшалып жатканына көз салып, эл алдында эсеп бере тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG