Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

КМШлыктар КАС ДА ЭМЕС, ДОС ДА ЭМЕС


КМШ лидерлеринин Минскидеги кезектеги жыйынында олуттуу эч кандай чечимдер кабыл алынган жок. Он бир өлкөнүн президенттери болгону мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштөгү кызматташтыкты активдештирүү тууралуу билдирүү кабыл алышты. Эркин соода аймагын түзүү планы Россиянын талабына ылайык талкууланган жок.

Шериктештикти реформалоо тууралуу сунуштар келерки саммитте карала турган болду, анткени атайын концепция эмдиги жылдын жайында даяр болот. Аны даярдоо милдети уюмдун тышкы иштер министрлерине табышталды. Күн тартибине кирген маселелердин ичинен президенттер мыйзамсыз миграция проблемасын гана талкуулашты. КМШ өлкөлөрүнүн чекараларын аныктоо маселеси да чечилген жок. Уюмдун аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло муну мунасанын жоктугу менен түшүндүрдү.

Деген менен КМШлык президенттер натыйжасыз бу жолку жыйынды да жымсалдап комментариялашты. Белорус президенти Александр Лукашенко белгиленген айрым максаттар жүзөгө ашпай калганын моюнга алды, ошол эле учурда алардын актуалдуулугу жоголо электигин, интеграцияны тереңдетүү,экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында жигердүү иштөө зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын төрагасы, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев саммит КМШнын келечегин,өзгөчө уюмдун өтөлгөлүү ишин камсыз кылуу жана анын өнүгүү перспективасын кенен-чонон талкуулоого жакшы мүмкүндүк түзгөнүн кошумчалады. Назарбаев саммиттин күн тартибиндеги маселелер жыйындан жыйынга которулуп жатканына коомуту толбогонун да ырастады.

Минскиге казак президенти мунай жана газ өндүргөн өлкөлөргө КМШнын ичинде артыкча укуктарды берүү сунушу менен келген эле. Анын бул идеясын калган президенттер кандай кабыл алышканы белгисиз.

Саммиттин жүрүшүндө орус жана грузин президенттери ортосунда кыскача иштиктүү пикир алышуу болгонун кабарлап, Назарбаев муну эки тараптын мамилелери жакшыра тургандыгынын жышааны деп баалады. Ал эми орус жана молдован президенттеринин сүйлөшүүлөрү дурус натыйжа менен аяктады. Россия Молдавиядан кайрадан вино жана эт сатып ала турган болду. Армян жана азери президенттери болсо адаттагыдай эле Карабах проблемасына кайрылышты.

Иши кылып, саммиттин ишин комментариялашкан айрым байкоочулардын айтымында,КМШлык президенттер кас да эмес, дос да эместигин дагы бир жолу ырасташты.

XS
SM
MD
LG