Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

ЧУБАЙС: ГАЙДАРДЫН УУЛАНЫШЫНЫН ЛИТВИНЕНКОНУН ӨЛҮМҮНӨ ТИЙИШТИГИ БАР


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиялык Оң күчтөр союзу партиясын негиздечүлөрдүн бири Егор Гайдардын ден соолугунун начарлашына байланыштуу 29-ноябрде ал партия тынчсызданганын билдирди.Анын мурунку күнү Анатолий Чубайс «Файнэншл таймс» гезитине берген маегинде Гайдарды кимдир бирөөлөр ууланткан деген ой айткан эле. Егор Гайдар конференцияга катышканы барып Ирландияда 24-ноябрде эсин жоготуп кийин Дублин шаарынын ооруканасына түшкөн. Кийин Москвага жеткирилип ошондон бери аны доктурлар дарылоодо, бирок анын эмнеден ууланганын эмдигиче такташа элек.

Дублин калаада кеткен жума күнү конференция үстүндө чыгып сүйлөп, кийин шайы кетип баратканын сезгенде Егор Гайдар башка бөлмөгө чыгып кетип, ал жакта кусуп, оозу-мурдунан кан кетип, акыры эстен танып жерге сулап калган. Ошондон ал үч сааттай убактан кийин ооруканга жеткирилгенден кийин гана эсине келген.

Дүйшөмбүдө ал Маскөөгө жеткирилип ошондон бери ооруканада. Бирок анын эмне себеп болуп кан кузганын ирланддык да орусиялык да доктурлар биле алышпай атышат. Анализчилер болсо орусиялык либералды кимдир бирөөлөр ууланткан дешет. Аны уулантуу, ал тургай, 23-ноябрде ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненкону уулантуу менен бирге жасалган деген ойду айтылуу саясатчы Анатолий Чубайс айткан:

«Мына бул, кереметтүү ишке ашпай калган, Политковская – Литвиненко – Гайдар алдын ала ойлонулуп жасалган иш ишке ашканда - Орусияда бийликти күчкө салып башмыйзамсыз алмаштырууну жактагандар үчүн эң жагымдуу учур болор эле», - деген Чубайс.

«Новые известия» болсо «Гайдар ууланыптыр, бирок аны ууланткан Кремл эмес», - деп жазып чыкты. Орусиялык оңчулдар күчү союзунун жетекчиси Никита Белых айтканга караганда бул окуянын Литвиненконун радиоактивдүү полоний 210 менен ууланып өлүшүнө кошул-ташыл болушу сырдуу көрүнүш. Ошого карабай доктурлар жыйынтык чыгаргыча күтө туруш керек:

«Эгерде бул уулантуу болсо анда ал саясий маанайда гана жасалышы мүмкүн. Бирок Литвиненконун өлүмү менен Егор Тимуровичтин ууланышын жалгаштырбас элем», - деди «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде.

«Улуттук маалымат тобу» агенттигинин төрагасы Андрей Насонов айтканга караганда: «Кийинки учурда Гайдар ичимдикке берилип кеткен. Мен анын Улуу Британияда экенде машинесине май куйдуруп атканда ылжып мас болуп турганын өз көзүм менен көргөмүн. Ошол түбүнө жетти», - деген.

«Эксперт» сайты жазганга караганда «Кайсы бир адисттер болжолунда Тмимур Гайдардын оорусу Литвиненконукуна окшоп кетет».

«Азаттыкка» атасынын денсоолугун маалымдаган Мария Гайдар мындай деди: «Капилеттен ооруп калышынын себеби эмдигиче түшүнүксүз. Азыр ал Маскөөдө, абалын канагаттанарлык дешке болот».

XS
SM
MD
LG