Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

ЖАҢЫ ЖЫЛДАН ГАЗ КЫМБАТТАЙТ


Жаңы жылдан тарта газ баасы кымбаттап, калкка анын бир кубометри 5 сом 60 тыйындан сатыла баштайт. Буга чейин «көгүлтүр отундун» баасы 3 сом 70 тыйындан төлөнүп келген. Электр жарыгы, жылуулук менен камсыздоо жайында да толгон-токой проблемалар турат. Ириде ал жабдуулардын эскиргендиги, калктын жылуулук берүүчүлөргө, энергетиктерге карызынын дагыле көптүгүнө байланыштуу.

«Кыргызгаз» акционердик коомунун башкы директорунун орунбасары Саламат Айтикеев азырынча Өзбекстан менен газ боюнча келишимге кол коюла электигин маалым кылды. Анын айтуусунда, ортолук келишимге 5-декабрда кол коюлуп калышы ыктымал. Эмдиги жылдан тарта Өзбекстан газ баасын эки эсеге кымбаттатууда. Ошол себептүү Кыргызстанда да газ тарифи көбөйөрү турулуу иш.

- Бизге Тажикстан жакында эле контракка кол койгону белгилүү. Алар газды 100 доллардан алууга макулдашты. Расмий келишимде деле биз үчүн ушундай эле баа бычылышы ыктымал. Азыр өкмөттө электр энергиясын жеткирип берүүнүн жолдору талкууланууда.

Саламат Айтикеев өзбекстандык газдын бир кубометринин баасы эми 5 сом 60 тыйынга көтөрүлөрүн жарыя кылды. Буга чейин кыргызстандыктар «көгүлтүр отунга» 3 сом 70 тыйындан төлөп келишкен.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда жалаң газдан тышкары суу-энергетика маселеси да бар. Жайкы сугатка берилчү суунун эсесине Өзбекстан Кыргызстандын электр энергиясын алышы керек. «Электр станциялары» акционердик коомдун пресс-кызматынын жетекчиси Наталья Орлова Өзбекстан электрэнергияны 0,9 центтен алмак болуп, бирок кыргыз өкмөтү аны 1 центтен сата тургандыгын билдирди.

- Бул маселе азыр өкмөттүк деңгээлде чечилип жатат. Себеп дегенде, мындай баа жалпы республиканы газ менен камсыздоону эске алуу менен коюлган,- дейт Н.Орлова.

Кыргызстан өкмөтүнүн алдындагы энергоинспекциянын статс-катчысы Батыркул Баетовдун ырасташынча, быйылкы кышка даярдыкты өткөн жылдын деңгээлинде деп айтууга болот.

- Биздин оюбузча, кыш өтөле катуу болуп кeтпесе, бир кырсык, мисалы, Москва жанында деле ошондой болуп кетпедиби, ошондой кырсыктан тыш болсок, бизде кыштан жакшынакай өтүп кеткенге мүмкүнчүлүктөр бар.

Бирок да жыл кур эмес отун-суу маселеси жыл сайын кыш киргени өкмөттүк жыйындар менен маалымдоо каражаттарынан түшпөй калат. Бишкек жылуулук тармактары акционердик коомунун жетекчи орунбасары Александр Лисичкин жылдан-жылга ахывал оорлошуп баратканын айтып, жабдууларды оңдоого бери дегенде 6 миллион доллар талап кылынарын айтса, «Түндүкэлектр» акционердик коомунун башкы директорунун орунбасары Жалилбек Арстанов быйыл тармак жабдууларынын 30% ашуунун гана оңдоодон өткөргөнүн маалым кылды. Кылычын алган кыш болсо минтип кирип келди.

XS
SM
MD
LG