Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

РАДИОАКТИВДҮҮ ЭЛЕМЕНТТЕРДИ ЧӨНТӨК КУРАЛЫНА АЙЛАНТУУ БАШТАЛДЫБЫ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Лондондо 23-ноябрде ууланып өлгөн орусиялык ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненконун денесин союп анын ууланышынын чын төгүнүн билүү иши башталды. Ошол эле учурда Ирландиялык полиция орусиялык мурдагы өкүмөт башчы Егор Гайдардын да ооруп калышын текшермекчи болуп атат. Дублинге конференцияга барып, күтүлбөгөн жерден катуу ооруп калган Гайдардын эмнеден ооруганын билүү мүмкүн болбой атат. Сырттан көз салуучулар аны да кимдир бирөө ууландырган деген божомол айтышууда. Москвалык врачтардын чыгарган жыйынтыгында атактуу экономисти буга дейре болуп көрбөгөн зат менен ууланткан. Кайсы бир анализчилер 24-ноябрде болгон ал окуяны полоний 210 радиоактивдүү зат менен Литвиненкону уулантуу ишине байланыштуу дешүүдө.

Бул күндөрү батыш экспертери ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненконун ууланып өлүшү, Анна Политковскаянын атып өлтүрүлүшү жана Егор Гайдардын аз жерден өлбөй калышы орусиялык бийликтин ар кыл тобунун кармашынын курчуп калышын билдирип турат дешет.

Литвиненконун өлүмүнөн улам жүргүзүлгөн текшерүү маалында бир эле Лондон калаадан 210-раиоактивдүү элемент менен булганган 12 жерди тапкан. Ал элементтин жукканы шек алдырган 24 кишинин ден соолугун доктурлар текшере баштаган.

Мына ушундай көрүнүштөн кийин анализчилер дүйнөгө, куду кансыз согуш кезиндегидей, жер жүзүнө радиоактивдүү элементти колдонуп кармашуу башталдыбы дешет. «Российская газетага» берген жообунда өлкөнүн атомдук министри Сергей Кириенко: «Орусияда ар бир айда болгону 8 гана грамм өлчөмдөгү полоний-210 өндүрүлөт», - деген.

Ал радиоактивдүү элементтин өзгөчө зат коркунучтуу болорун айтылуу согуштук эксперт Павел Фельгенгауэр мындайча чечмелейт:

«Полоний өз алдынча турганда анын «альфа» ажырашуусу жүрүү үстүндө болот. Ошондуктан ал кишинин денесинин ичине өтмөйүн анча деле коркунучтуу эмес», - дейт эксперт. Бирок канга аралашса же дем менен кошо өпкөгө кирсе, тамак менен кошо желип же териге жукса анда адамды бир аптада мерт кыларын берлиндик ооруканада иштечү немис эксперти Брендт Рам айтат. Андай учур болгондо адамды өлтүрүгө анын «0,0001 граммы» жарай турганын айткан.

Ал арада Дублинеге барып Гайдардын сыркоолоп калышынн сырдуу болушун эске алып аны ирландиялык полиция текшермекчи болгон.

Кремлди аркалаган «Бирдиктүү Орусия» партиясынан депутат Александр Хинштейндин болжолунда бул окуяларды батыштагы күчтөр атайылап Орусиянын ички абалына чакчелекей салыш үчүн жасап атат. Баса, президент Путин жакныда Хелсинкиде экенде Литвиненконун өлүмү боюнча суроо берилгенде ал, мындай көрүнүш бир эле Орусияда болбошун эскерткен:

«Буга окшогон кылмыштардын бир эле Орусияда эмес европалык өлкөлөрдө да болорун эстен чыгарбашыбыз керек», - деген болуучу.

XS
SM
MD
LG