Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

АДАМ УКУГУ: ПРОБЛЕМАЛАР КӨП,ЧЕЧИМДЕР АЗ


Жаамы дүйнөлүк адам укугун коргоо күнү белгиленер алдында Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү буга чейин жасалган иштер, мындан ары аткарылчу милдеттер туурасында ой бөлүштү. Бул жаатта жасалгандан жасалчулар, аткарылгандан аткарылчулар арбын экенин белгилешти.

Кыргызстанда адам укугун коргоо боюнча биртоп иштер жасалганы менен дагыле толгон-токой проблемалар бар экенин президент алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун атайын белгиледи.

- Адамдык укугу тебеленип келгендерге колдон келишинче жардам берип келатабыз. Баарына жардам бере албайт экенсиң. Бирок бир тобуна жардам бердик. Бул жерге ыйлап келип, кубанып чыгып аткандар бар,-дейт Турсунбек Акун.

Ушу тапта түрмөдөгүлөрдүн абалы оор бойдон калып жатканын, айрым жерлерде нааразылык башталганын «Жарандар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова маалымдады.

- 14-колонияда мына эми бунт башталды. Азиз Батукаев 16-колонияга баргандан кийин башаламандык башталат деп биз мурда эле айтканбыз. Бүт түрмөлөрдө ахывал начарлайт, дегенбиз. Бүгүнтөн баштап ошонун баары тең башталып жатат.

Кыргызстандын башка өлкөлөр менен теңата мамилеге өтүшү адам укугунун сакталышына салакасын тийгизбеши керек. Мындай пикирин белгилүү укук коргоочу Наталья Аблова билдирди.

- Биз баарыбыз капыс мерт болгон Александр Ивановдун үй-бүлөсүнө жардам кылышыбыз керек. Бул үй-бүлө азыр кыйын абалда, кайгыдан бүк түшүп отурат. Бул үй-бүлөнүн башчысынын капыстан мерт болушуна себепкер болгондор анын артында калгандарга жардам бериши зарыл. Албетте, мамлекет да жардам кылышы абзел,-деди Наталья айым.

АКШнын Кыргызстандагы аскер аба базасындагы кырсык ушу тапта иликтенип жатканын, тергөө жыйынтыгы чыгарыларын вице-премьер-министр Тынычбек Табалдиев да айтты.

- Тергөө кимдин күнөөлүү экенин көргөзөр. Бирок болгон окуянын өзү, бул бир жолку болгон көрүнүш эмес. Бул өзү биздин мамиледеги өзүнчө бир система экенин далилдеген окуя деп мен бүт жоопкерчиликти мойнума алып айта алам. Муну кайра карап чыгыш керек,- деди Табалдиев.

Жака-белиндеги коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда адам укугу кадыресе сакталарын Казакстандагы адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Барет Ергалиева белгиледи. Анткен менен мыйзам сактоо органдарынын салкын-суз мамилесинин айынан көптөгөн арыз, кайрылуулар жоопсуз калып жатканы да белгиленди.

XS
SM
MD
LG