Пентагондогу масилет-мастет аяктаган соң Буш кыйын-кыстоо мындай чечимди арыдан-бери кабыл ала койгонго ниети жоктугун билдирди. Мындан тышкары жаңы коргоо министрине кырдаал менен таанышып чыкканга да мүмкүндүк берүү зарыл.
Буш мурда Ирактагы стратегияны өзгөртүү тууралуу жылдын этегине чейин өз чечимин жарыялай турганын айткан эле. Бирок шейшемби күнү Ак үйдүн өкүлдөрү президент муну жаңы жылдан кийин жасай турганын ырасташты.
Пентагондогу масилет-мастетте Буш бир катар кызыктуу идеяларды укканын, ошону менен бирге айрым сунуштарды четке каккандыгын да ырастады. Атап айтканда,ишти акырына чыгарбай туруп Ирактан кеткенге жана Багдаддагы өкмөткө жардам көрсөтүүнү токтотконго чакырган идеяларды Буш “жарамсыз сунуштар” деп баалады. Кол куушуруп бергенге ниетибиз жок, деп айтты Буш. Үстөккө өтө чоң маселе сайылган, эгер эле Ирак экстремисттердин колунда калчу болсо,мунун арты өтө кесепетүү болот.
Конгресстин айрым мүчөлөрү ишти создуктуруп жатканы үчүн президентти айыпташты. Сенатта көпчүлүктүн лидери болгону жаткан демократ-сенатор Гарри Рид маанилүү чечимдин кечеңдетилиши “эч кимдин кызыкчылыгына” төп келбей турганын эскертти. “Нью-Йорк таймс” гезитиндеги интервьюсунда республикачыл сенатор Чак Хагел президенттин буйдалып жатканын “кечиримсиз иш” деп баалады.
Буш өткөргөн консултациялардын мазмун-маңызы тууралуу ырасмий эч кандай маалыматтар жок. Бирок америкалык гезиттер менен телеканалдардын жаңылыктар түрмөктөрүндө президентке азыр ичтен да, тыштан да ар түрдүү фракциялар таасир көрсөткөнгө умтулуп жатканы айтылууда. Маселен, мамлекеттик катчы Кондализа Райс Иракта сүннүлөр менен шейиттердин коалициясын түзүүнү, мунун аркасында премьер Нури ал-Маликинин өкмөтүнө колдоо көрсөтүү идеясын сунуш кылганы,вице-президент Дик Чейни муну ишке ашпас план деп атаганы кабарланды.
АКШнын региондогу негизги союздашы Сауд Арапстан,ошол эле “Нью-Йорк таймстын” маалыматтарына ылайык, Вашингтонду сүннүлөрдүн таламдарын унутпоого чакырууда. Мындай болбогон шартта ирак сүннүлөрүнө сауд арапстандыктар өздөрү финансылык колдоо көрсөтө турганын вице-президент Чейниге айтышкан.