Президенттин бир тууганы, Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Жаныш Бакиев депутат Өмүрбек Текебаевдин жүгүнө баңгизат салууга тиешеси бар-жогун сот аныктаганга чейин эле парламент шектүү адам катары атаганын мыйзамсыз деп эсептеп, Жогорку Кеңешти сотко берген. Бул сот жараянында Жогорку Кеңештин кызыкчылыгын депутат Дооронбек Садырбаев коргомокчу.