Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

ТЕГЕРАН ЖАНА ПХЕНЬЯН МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ӨЗӨКТҮК МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛҮҮДӨН АЛЫС


Нарын АЙЫП, Прага Өзөктүк куралдын дүйнөгө жайылып кетиши азыр - эл аралык коомчулукту эң тынчсыздандырган маселелердин бири. Бирок Иран менен Түндүк Корея бул маселе менен байланыштуу эл аралык коомчулуктун талаптарына баш ийбей жатканы аны ого бетер татаалдантууда.

Орусиянын коопсуздук кызматы үчүн мурда иштеген Александр Литвиненко Лондон шаарында радиоактивдүү зат менен ууланып, ноябрда каза болгону - бардык мамлекеттер тарабынан катуу көзөмөлгө алынган өзөктүк заттардын катардагы адамдардын колуна тийүү мүмкүнчүлүгү бир топ жогору экенин көрсөттү. Ошол эле учурда, Батыштын пикиринде, Иран же Түндүк Корея сыяктуу мамлекеттер эл аралык террорчуларга колдоо көрсөтө ала турган өлкөлөр. АКШнын айтымында, Түндүк Корея мамлекеттик деңгээлде америкалык долларларды басып чыгарат жана аларды чет мамлекеттердеги банктар аркылуу адалдайт.

Бул эки мамлекет менен тең көп жылдардан бери өткөрүлүп келген сүйлөшүүлөр болсо жыйынтык бербей жатат жана эң коркунучтуусу - Иран дагы, Түндүк Корея дагы эл аралык коомчулуктун талаптарын көзүнө илбей жатканы. 23-декабрда Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы жаңы резолюция чыгарды, бирок Тегеран аны көңүлгө арзый турган чечим деп кабыл алган жок.

Иран президентинин айтымында, Бириккен Улуттар аркылуу Батыш өзүнүн кош-стандарттуу саясатын жүргүзүүдө, анткени Израил, мисал үчүн, өзөктүк куралга тымызын түрдө ээ болуп алган, бирок ага каршы чара көргөндүн ордуна, Вашингтон аны бардык мүмкүн болгон ыкма менен колдоп жатат. Израил өзөктүк куралга ээ экенин жакында өлкө премьер-министри Эхуд Олмерт кыйыр түрдө моюнга алган.

Аны менен катар, 1998-жылы Индия менен Пакистан дагы атом бомбаларын жардырып, расми түрдө өзөктүк куралга ээ болушту, бирок дүйнө коомчулугу аларга каршы дагы эч катуу чара көрбөгөнү, арым байкоочулардын пикиринде, Пхеньян менен Тегерандын турумуна колдоо болууда. Башкалардын айтымында, Израил, Индия же Пакистан өзүнүн жалпы саясаты менен дүйнөлүк коомчулукка коркунуч түзгөн жок, Иран менен Түндүк Корея болсо ал коомчулук жана өзгөчө Батыш менен эрегишүүдө.

"Эгер кимдир бирөө Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнө тоскоолдук түзсө, эгер кимдир бирөө Ирандын укуктарын чектейин десе, - мейли ал жөн гана пропаганда болсун же эл аралык уюмдар аркылуу болсун, - биз аны Иран элине каршы көрүлгөн кастык аракет деп түшүнөбүз", - деди Иран президенти Махмуд Ахмадинежад декабрдын башында.

Үстүбүздөгү жылдын октябрында Түндүк Корея өзөктүк жардыруу жүргүзгөнү жөнүндө билдиргенде дагы, аны эл аралык эрежелерди бузган аракет катары санабастан, ал тууралуу сыймыктануу менен жарыялады. "Биздин окумуштуулар жана изилдөөчүлөр жер алдында өзөктүк жардырууну ийгиликтүү ишке ашырганы менен мен өтө сыймыктанам", - деди октябрда Түндүк Кореянын Бириккен Улуттардагы элчиси Пак Гил Йоң.

Түндүк Корея боюнча Бээжин шаарында өткөрүлгөн алты тараптуу сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы 22-декабрда жыйынтыксыз аяктады. Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк программалары менен байланышкан маселе чечилбестен, 2007-жылга өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG