Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

МУРДАГЫ АМЕРИКАЛЫК ПРЕЗИДЕНТ ЖЕРАЛД ФОРД ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ


Нарын АЙЫП, Прага 26-декабрда Калифорния штатында АКШнын мурдагы президенти Жералд Форд дүйнөдөн кайтты. 1970-жылдарда президент Ричард Никсон баштаган СССР жана Кытай менен кызматташуу саясатын уланткан Форд - эң узак жашаган америкалык президент болду - үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында ал токсон үчкө толгон.

Жералд Форд 1913-жылдын 14-июлунда Небраска штатында туулган, 1935-жылы Мичиган университетин, андан соң 1941-жылы Йел университетин бүтүргөн, студент болуп жүргөн кезинде футбол мыкты ойноп, машыктыруучу болуп да эмгектенген. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда деңиз аскерлеринде Тынч океанда кызмат өтөгөн жана 1946-жылы отставкага чыккандан кийин адвокаттык жумушка киришкен.

Эки жылдан кийин, 1948-жылы Форд Конгресстин Эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган, 12 жылдан кийин болсо вице-президенттик кызматка талапкер болуп көрсөтүлгөн. 1963-жылы президент Жон Кеннеди атып өлтүрүлгөндөн кийин, Форд ал окуяны тергеген Уоррендин комиссиясына мүчө болуп кирген, 1965-жылы болсо Конгресстеги Республикалык партиянын фракциясынын жетекчиси болуп шайланган.

1972-жылы Уотергейт чатагы чыгып, президент Ричард Никсон катуу күнөөлөнө баштагандан соң, 1973-жылдын 10-октябрында ал кездеги вице-президент Спайро Эгню кызматынан чегинген жана Никсон ал орунга Фордду дайындаган. Бир жылдан кийин, 1974-жылы Никсон өзү кызматтан кетүүгө аргасыз болгондо, Форд 9-августта анын ордун баскан жана АКШнын тарыхында - биринчи жана жалгыз шайланбаган президент болгон, анткени 1976-жылдагы президенттик шайлоодо Жимми Картерге утулуп калган.

Форд бийликке келген 1974-жылдын күзүндө өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо Конгресстеги көпчүлүк оппозициядагы Демократиялык партияга өткөндөн кийин президент менен Конгресс ортосунда катуу тирешүү башталган жана бир жарым жылдын ичинде Форд Конгресс кабыл алган 66 мыйзамга вето салган. Вьетнам согушунда АКШ утулганы үчүн дагы Форд Конгресстин саясатын күнөөлөгөн, мурдагы президент Никсонго болсо толук мунапыс берген.

Анткен менен президент Форддун учурунда - Никсон баштаган саясат улантылып, АКШ менен СССР жана Кытай ортосундагы кызматташуу оңолгон, куралдануу мелдеши басаңдаган, ал эми 1975-жылы Хельсинки шаарында Батыш менен Чыгыш ортосунда атактуу келишимдерге кол коюлуп, тоталитардык мамлекеттерде адам укуктарын коргоо иштери башталган.

"Америка кошмо штаттары СССР менен дагы жаңы келишим түзүп, стратегиялык куралды чектөө иштерин улантат. Бул аракет АКШ саясаты үчүн биринчи маанидеги иш болот. Баш катчы Брежнев жана мен өткөн ноябрда Владивосток шаарында жолугуп, стратегиялык куралды келерки 10 жылда кыскартуу жөнүндө макулдаштык жана Хельсинки шаарында өткөн эки тараптуу сүйлөшүү учурунда дагы алдыга жылыш болду", - деп билдирген президент Форд Хельсинки шаарында 1975-жылы.

Форддун өз ысмы Лэсли Линч Кинг болчу, анын энеси атасы менен ажырашып, башка күйөгө тийгенде, уулуна Жералд Рудолф Форд деген ат берген. Анын жүрөгү оорулуу болчу, мындан беш жыл мурда болсо мээсине эки жолу кан куюлган, ал эми акыркы айларда өпкөсү сезгенип ооруган.

XS
SM
MD
LG