27- декабрь күнү Сомалинин өткөөл өкмөтүнө ишенимдүү аскерлер менен эфиопиялык күчтөргө туруштук бере албаган исламчылар Могадишодон түндүктөгү Жоухар жана Балад шаарларындагы дагы маанилүү өңүттөрүн калтырып кетишти.
Сомалинин элчиси Шейх Шариф Ахмеддин Аддис Абебада билдиргенине караганда, биргелешкен аскерлер эл арасында кан төгүүлөрдү болтурбоо үчүн Могадишого чабуул жасалбайт. Ал эми өткөөл өкмөттүн төрагасы Али Мохаммед Геди “исламчылар Сомалини чет жерлик террорчулардын ордосуна айлантканын”, согуштун максаты аларды талкалоо экенин айтты.
БУУнун башкатчысынын Сомалидеги атайын чабарманы Франсиз Лонсени Фолл шейшемби күнкү билдирүүсүндө уруштун кесепетинен Сомали чоң гуманитардык кризиске кириптер болгонуна көңүл бурган эле:
- Чатакка азыр чет өлкөлүк күчтөр да катышууда жана алар оор куралдар менен авиацияны колдонууда. Сомалидеги татаал кырдаал тынчтык сүйлөшүүлөрүн кечиктирбей баштоо аракетине олуттуу зыян тийгизди. Уруштун кесепетинен оор гуманитардык кризис түзүлдү.
Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин шаршемби күнкү жыйынында болсо Сомалидеги согушту тезинен токтотууга чакырган резолюция колдоо тапкан жок. Кеңештин учурдагы төрагасы Катар колдогон резолюция бардык чет элдик күчтөрдү, анын ичиндеги Эфиопиянын аскерлерин Сомалиден токтоосуз чыгып кетүүгө милдеттендирмек. Бирок, Кеңештин башка мүчөлөрү эфиопиялык аскерлер өлкөгө Сомалинин өткөөл өкмөтүнүн чакыруусу менен исламчыларга каршы согушканы киргенин айтып, резолюцияга каршы чыгышты.
Ал эми Африка биримдиги шаршемби күнкү кезексиз жыйынында бардык чет өлкөлүк “оюнчулардын”, анын ичинде Эфиопиянын өз аскерлерин Сомалиден токтоосуз чыгарып кетүүсүн талап кылды жана жоолошкон тараптарды урушту токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого үндөдү. Бирок, талдоочулардын айтышынча, Африка биримдигинде региондогү кырдаалга таасир этчү механизмдери жок.
Эфиопия анын аскерлери Сомалиде 1 миңге жакын исламчыл согушчанды жок кылганын билдирди. Бирок, бул маалымтты көзкарандысыз булактар тастыкташа элек.
Кызыл Крест уюмунун ырасташынча, урушта 800 чамалуу адам жарадар болуп, уруш жүрүп жаткан жерлерди миңдеген адамдар таштап кеткен.
19901-жылы диктотор Мохамед саид Баренин өкмөтү кулатылгандан бери Сомалиде күчтүү бийлик жок. Франсс пресс агенттигинин маалымдашынча, эки жыл мурда Кенияда түзүлгөн өткөөл өкмөт Африка тумшугундагы 10 миллион калктуу Сомалини толук контролдобойт.