Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

БОЛГАРИЯ, РУМЫНИЯ ЕВРОБИРИМДИККЕ КОШУЛДУ


Бермет Эгембердиева, Прага Евробиримдик Болгария менен Румынияны өзүнүн 26- 27-мүчөсу катары кабыл алууга даяр. 2007-жылдын 1-январь күнү эки өлкөнүн 50 миллионго жакын атуулу ушундай тарыхый учурду өз башынан өткөрүшөт. Ушуну менен Евробиримдик 5-жолу кеңейтилип, кучагын дагы чоңойттууда.

Евробиримдикке мүчөлүккө өтүү камгылгаларын дээрлик аяктаган соң, Болгария жана Румыния 25 өкүлчүлүктөн турган Евробиримдикке толук мүчө болуп кирүүдө. Бирок, эки өлкө мындан аркы аткара турган талаптар да оңой эмес. Биринчиден, расмий София менен Бухарест ар бир жарым жыл сайын Брюсселге паракорчулук менен күрөшүп жаткандыгы тууралуу отчет берип турат.

Эгерде март айына чейин Евробиридмктин дыйкан чарбалары үчүн бөлүп берген миллион еврону айкын үлөштүрүү ыкмалары киргизилбесе, анда Румыния менен Болгария бул каржылык жардамдын чейрек бөлүгүнөн ажырап калышы мумкун.

Ошондой эле мал ылаңынын күчөөсүнө байланыштуу бул эки өлкөнүн экспортуна азырынча чектөө коюлат. Андан сырткары София учуу коопсуздугунун стандарттарын кайра карап чыкмайынча болгар учактарына Евробиримдикке учууга тыюу салынат.

Серепчилердин айтымында бул эки өлкөгө коюлган талаптар, 2004-жылы Евробиримдикке кирген өлкөлөргө коюлган талаптарга караганда алда канча катаалыраак. Ошондой эле биримдиктин төрагасы Жозе Мануэл, жаңы конституция кабыл алынмайынча Евробиримдиктин кеңейиши токтотулат деп билдирди.

Болгария менен Румыниянын саясатчыларынын баары тең Евробиримдикке кирүүнү өтө кубаныч тосуп алды деп айтуу кыйын. Маселен, румын президенти Трайан Басэску «Азаттык» үчүн курган маегинде Евробиримдикке карата өз сын пикирин да айта кетти:

- Ушул тапта Европа мурдагыдан алда канча ишеним кирбеген маанайда турат. Европа кризиске батып турат. Бул - өзүнө өзү ишенүүдөгү кризис… Ошого карабастан, кайсы бир өлкө Европа биримдигине кирүү оюнан айныйт деп айтууга болбойт, бирок талапкер өлкө Европа биримдиги эмне үчүн түзүлгөнүн жана анын көйгөйлөрүн аңдап-баалоосу керек -, дейт президент Басеску

Жети жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин Болгария менен Румыния 2007-жылдын 1-январынан тарта Евробиримдиктин укуктарын жана милдеттерин өзүнө алууга даяр. Бул эки өлкө 2004-жылы Евробиримдикке мүчөлүккө өткөн 10 өлкөнүн ичине кирбей калган.

XS
SM
MD
LG