Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

17:00 Барскон кырсыгында ден-соолугу бузулгандар Кумтөр алтын ишканасын сотко беришти


Барскоон кырсыгында ден соолугунан ажыраган деп саналган беш адамдын Кумтөр алтын ишканасына берген доо арызын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Бул тууралуу бүгүн «Карек» бейөкмөт уюмунун мүчөсү Аскар Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, 1998-жылы Барскоон суусуна цианид уу затынын куюлушунун кесетинен 360 адам өлүп, 2 миңден ашык адамдынден соолугуна залал келгени тууралуу маалымат бар. Аны далилдөө максатында уюм мониторинг жүргүзүү камын көрүүдө. Буга чейин Барскоонго жакын жайгашкан беш айылдын эли жылдык алма-багы үчүн убада кылган 4 миллион доллардын 3 миллионун ар кыл акциялар аркылуу Кумтөр ишканасынан төлөтүп алган. (BuS)

XS
SM
MD
LG