Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

ХИПККЕ КИРҮҮ - КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КЕЛЕЧЕГИН САТУУГА БАРАБАР


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тойгонбай Калматов Кыргызстандын ХИПК программасына кириш-кирбеши жөнүндөгү маселе боюнча жана өткөн жылдын соңунда парламентте Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышы, андан келип чыккан саясий нааразылыктардын айланасында «Азаттык» менен ой-пикир бөлүштү.

- Жогорку Кеңеш жаңы жылдын жуп алдында Конституцияны кайрадан өзгөрткөнүнөн кабарыңыз бардыр. Азыр коомчулук күткөн ошол өзгөртүүлөргө президенттин кол коёр, койбосу эң эрте дегенде 8-январдан кийин белгилүү болчудай. Парламенттик оппозициялык топ ал өзгөртүүлөр Акүйдүн кийлигишип, мыйзам бузуу жолу менен кабыл алынганын айтышууда. Эреже бузулганын айрым байкоочулар да белгилеп жатышат. Сиздин пикириңизде, эми мамлекет башчынын реакциясы кандай болуш керек соңку өзгөрүүлөргө?

- Абдан туура айтып атасыз, өткөн жылдын акыркы учурдагы Конституцияны мыйзамсыз кабыл алуунун өзү элде абдан нааразылыкты туудуруп, стабилдүүлүккө доо кетирди десем жаңылыштык болбойт. Эгерде азыр Кыргызстандын эли бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышка аракет кылса, анда президент бул кабыл алынган өзгөртүүлөргө кол койбошу керек.

- Ошондой өзгөртүүлөр керектигин башка оппозициядагы саясий күчтөр дагы белгилеп жатышат. Чын эле бул талап кылынса, анда Конституцияда көргөзүлгөн тартиптин негизинде ишке ашырылышы зарыл го?

- Абдан туура айтып атасыз, Конституциядагы кемчиликтер, катачылыктар дайыма тийиштүү органдарда каралып, мыйзам чегинде гана өзгөртүүлөр болсо, анда жалпы эл дагы, анын ичинде бийлик органдар дагы Конституцияны сыйлап, анын жашап кетишине, анын сый-урматка ээ болушуна өбөлгө түзмөк.

- Жаңы жылдан кийин Кыргызстанда жаңы өкмөт түзүлүшү керек. Бирок өкмөт түзүлөбү, же кайра шайлоо жарыяланып калабы бул да азырынча арсар болуп турат. Кокус өкмөт түзүлгөн шартта азыркы премьер - министрдин милдетин аткаруучу Куловдун талапкерлиги кайра коюлса колдоо табабы, же таппайбы. Сиздин божомол кандай?

- Биринчиден, жалпы элдин абдан чоң нааразылыгын туудурушу мүмкүн. Себеби, бүгүнкү отставкага кетип азыр милдетин аткаруучу болуп иштеп аткан өкмөт өзүнүн негизги функцияларынын көпчүлүгүн аткарбастан, Кыргыз Республикасында стабилдүүлүккө доо кетирүүгө негизги себепкерлердин бири болуп калды. Экинчиден, кыргыз элин ХИПИКке киргизүүгө аракет кылып аткан өкмөт ачык айтканда кыргыз элинин, Кыргызстандын келечегин сатты десек аша чапкандык болбос. Муну жасаган өкмөттү кайра сунуш кылуу элде абдан нааразылыкты туудурат сөзсүз.

- ХИПИК жөнүндө сиз айтып кеттиңиз, мен билгенден бул программага каршы болуп, ошол топто жүргөндөрдүн бирисиз. Бирок, Кыргызстандын каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров мырза айтууда, Кыргызстандын бул программага киришин соңку жаңы жылдын алдында Орусия да колдоорун расмий деңгээлде билдирди. Министрдин ал сөздөрүн биздин угармандарыбыз программанын кийинки бөлүктөрүндө угаар. Орусиянын колдоосун кандайча түшүнүүгө болот анда?

- Муну угуп алып абдан таңкалып атканымдын себеби, биздин Кыргызстандын эли, кыргыз мамлекетинин ХИПИКке кириш, кирбеши - бул ички саясат, ички талап, биринчиден. Экинчиден, Степашин келгенде ачык эле айткан, Кыргызстандын ХИПИКке киришине Орусия каршы деп. Үчүнчүдөн, 261 мамлекет болсо Кыргызстан бардык көрсөткүчтөр боюнча 114 орунда турат. Бизден кийинки 150гө жакын мамлекет ХИПИКке кирбесе, эмне үчүн биз кирип атабыз? Төртүнчүдөн, төрт мамлекет 2006-жылы кириш керек эле, булар - Лаос, Бутан, Шриланка, Кыргызстан. Үч мамлекеттин өкмөтү ар түрдүү шылтоолор менен ХИПИКке кирбей коюшту. Ал эми кыргыз өкмөтү ХИПИКке кирүүнү сунуш кылып, аны бекитип берди. Бул жерде же өкмөт кыргыз элинин кызыкчылыгын сатып атат, же булардын өзүнүн кызыкчылыгы бар. Болбосо ХИПИКке кирүүнүн эч кандай кажети жок. Биздин Кыргызстандын ички резервдери ХИПИКтеги бардык тышкы карыздарыбыздан кутулууга мүмкүнчүлүк түзөт. Андай шартыбыз бар.

XS
SM
MD
LG