Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Ө.ТЕКЕБАЕВ: МЕНДЕ БАКИЕВДИН БЕН-ЛАДЕНГЕ ЖАЗГАН КАТЫ БАР...


Маектешкен Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат Бүгүнкү кризисти бийлик жөндөй албай жатат. Өкмөттүн өз алдынча программасы жок жана ал Аскар Акаевдин каталыктарын кайталап жатат. Мындай оюн депутат Ө.Текебаев “Азаттыктын” кабарчысына берген суроолоруна берип жатып билдирди.

- Өмүрбек мырза, сиздин Базаркоргондо Алп айылындагы шайлоочулар менен болгон жолугушууларыңыз кандай өттү, кандай тоскоолдуктар болду?

- Жолугушуулар абдан жакшы өтүп жатат. Бирок, бир жерде гана уюшулган провокация жасалды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү толук кошулуп, кылмыш кылды деп изделип жүргөн адамдар баштаган топтор келип, тоскоолдук кылып, 10-15 киши чатак салып кыйкырышып турушту. Өзүңүз көрдүңүз, бул жерде мен келгенге чейин «Ата мекен» социалисттик партиясы уюштурган чакан митинг болду. Жергиликтүү шайлоочулар чыгып сүйлөштү. Мына мен өзүм дагы келип партиянын позициясын айттым. Менин оюмча, эл бүгүнкү бийликтин жүзүн анык көрдү, алардын таянган тоосун көрдү, алардын келечегин көрдү. Мына Манас деген булардын жетекчиси Жалалабатта бир нече объектини басып алып, иши козголуп, издөөдө жүргөндүгүнө карабастан, облустук милицияга эшигин тээп кирип жүргөн азамат эле. Аны депутаттардын айтуусу менен жакында эле камады эле. Мына менин келишиме карата кайрадан түрмөдөн чыгарып, кайра аттандырып, митинг аянттарын, микрофондорду басып алууга адистештирип жатышыптыр. Менин оюмча бул абдан жакшы. Анткени, бул бийликтин жүзүн ачат. Анын саясатынын маңызын көрсөтөт. Менин шайлоочуларым мындан жакшы сабак алды го деп ойлойм.

- Бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан иштерине кандай баа берээр элеңиз?

- Мен бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан ишин көргөнүм жок. Алар тескерисинче коррупциялык, элге каршы саясатты улантып жатат. Алардын программасы жок. Муну парламент тастыктай алат. Бул бүгүнкү бийликке менин өзүмдүн келишкис оппозиция экендигимди жана мен мүчөсү болгон «Ата мекен» социалисттик партия да оппозиция экендигин бүгүн шайлоочуларыма ушул жерден жарыяладым. Бизди эч нерсе, өлүм да токто албайт. Анткени, мындай жолдо өлгөн адам шейит кеткендей эле болот. Анын ысымы тескерисинче тарапкерлерди көбөйтүп аларга күч берет. Ошондуктан бүгүнкү бийлик биздин өлүмүбүздөн да коркпойт. Ошондуктан, биздин атыбызга намысыбызды жоготуш үчүн ар кандай наркотиктерди салып жана башка провокацияларды жасап, бизди жоготконго аракет кылып атат. Бирок, ага дагы өзүңүз көрдүңүз, кыргыз эли гана эмес, поляктардын соту да ишенбей атат. Анткени алар бүгүнкү биздин Кыргызстанда ким бар экенин билет. Поляк сотунун чечими бүгүнкү бийликке берилген баа деп эсептейм.

- Бүгүнкү Кыргызстандагы кризисти кантип жөнгө салса болот. Анткени «Реформа үчүн» кыймылынын таасиринде кабыл алынган ноябрдагы Баш мыйзам боюнча өкмөт отставкага кетти, парламентте дагы кризис болуп келатат. Кантип кризисти жөнгө салат эми?

- Бүгүнкү бийликти Бакиев жөндөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок экени көрүндү, тастыкталды. Ошондуктан, биз андан бийликти алып өкмөткө берели дегенбиз. Тилекке каршы, ал акыркы кезде реванш алып, өкмөттөн бир топ бийликтерди алып койду. Ошондуктан Бакиев бүгүнкү абалды оңдой албайт. Анткени, ал элге үлгү көргөзө албайт, элге салт түзүп бере албайт. Баскынчылыктын, зордук-зомбулуктун, алдамчылыктын үлгүлөрүн көргөзүп, кыргыз элин туура эмес жолго баштап жатат.

- Декабрда бийликчил депутаттар тарабынан кабыл алынган жаңы мыйзамдын долбооруна президент кол коюшу керекпи, же кол койбош керекпи?

- Мыйзам Конституциялык нормаларды бузуу жолу менен кабыл алынды, ошондуктан президент буга кол койбошу керек.

- Өткөн жылдын июнь айында сиз тарабынан экс-президент Аскар Акаевге жазган кат деген баракчалар таркатылды. Ал эми октябрдын этегинде ноябрдын башында бессрочный митингдерге 10 млн. доллар сураган экенсиз. Ал акча каражаттарды Бермет аркылуу жиберсеңиз дегендей өтүнүп кетиптирсиз. Ушул катты сиз жаздыңызбы, сизге таандыкпы?

- Биз Акаевдин режими менен да күрөшкөнбүз, биз Бакиевдин режими менен да күрөшөбүз. Эртең Бакиев кызматтан кеткенден кийин да, мындан эч нерсе сурабайм. Эл өзү көтөрүп чыкканга жөндөмдүү. Аны Бишкектеги митингдер көргөздү. Ал эми сиз көрсөткөн кат бул фальсификация, менде Бакиевдин Бен Ладенге жазган, андан акча сураган каты бар так ушундай ыкма менен даярдалган. Эгер Курманбек Салиевич кызыкса, мен ошол катты өзүнө жөнөтөм.

- ХИПИК программасына кириш керекпи, кирбеш керекпи?

- Тилекке каршы бүгүнкү өкмөттүн программасы жок. Анын жападан жалгыз программасы Акаев чийип кеткен чийин менен кетип жатат. Ошону менен түп-түз эле эки жылдан бери Бакиев ХИПИКке алып келди. Өлкөнү башкаруунун программасы болду. Анын келечегин көргөн өз алдынча планы болбосо, өлкөнү башкаруу мүмкүн эмес, мындай өлкөнүн келечеги жок. Өлкөнүн сырткы башкаруудагы жасаган Бакиевдин аракетин алсыздык деп, мажүрөөлүктүн далили катары көрөм. Бул туура эмес жол. Биз тескерисинче ата мекендик өндүрүштү колдошубуз керек, жаңы жумуш орундарын ачып, улуттук кызыкчылыкты коргошубуз керек. Тилекке каршы биз чет элдик жетекке алынып, эптеп эле бүгүн бир аз акча экономдолуп калса, ошону бүгүнкү абалды чечип бир-эки жыл отурайын деген адамдын айласы. Бул өлкөнүн келечегин ойлогон эмес, 1-2 жыл эптеп карызды жеңилдетип, өлкөдө абалды кармап турсам деген ой.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG