Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:21

АЗЕРБАЙЖАН: КЫМБАТЧЫЛЫК КЫЖААЛАТЫ


Азербайжанда тейлөө,энергетика тармактарында баа кескин кымбаттап, калкты катуу кыжаалатка салды. Жергиликтүү экономисттер өкмөттүн жаңы чечими өлкөдө туташ инфляцияга алып келиши мүмкүн экенин эскертишүүдө. Оппозициядагы партиялар менен кыймылдар нааразылык акцияларына камына баштады.

Шейшемби күнү Бакуда коомдук транспорттун көп түрлөрү, айрыкча жык-жыйма жүргүнчүлөрдөн өксүбөгөн чакан автобустар токтоп калды. Бензиндин баасы – 50, дизелдин наркы – 25 процентке өстү. Газ, электр энергиясынын, таза суунун акысы кескин жогорулады. Кала берсе күндөлүк басылмалардын баасы ай чапчып калды.

Бакунун көчөлөрүндө,базарларда,коомдук жайларда,айтор,бардык жерде эл кымбатчылыкка кыжаалаттанып,кыжылдап калышты. “Алда-жалдалап араң оокат кылып жатканыбыз көп көрүнүп кетти окшойт, баанын баарын дагы көтөрүп салышты. Деги бу качан токтойт?” “Эми көргөн күнүбүз эмне болот,бир алла-таала билет”. “Өкмөттөгүлөр баанын баарын эл аралык деңгээлге жеткиребиз дешет,бирок айлык акыларды эмне үчүн эл аралык деңгээлге көтөргүсү келишпейт?” –дешет бакулук тургундар.

Карамайдын эң ири казынасында отурган азерилер бу күндөрү бензин үчүн америкалыктарга караганда алда канча кымбат акы төлөшөт. Айлык орточо маяналардын, жалданып иштеп тапкан жалыйнанын өлчөмү АКШдагыдан 100 эсе аз, пенсия, социалдык башка жөлөкпулдар жумурга жук болгус абалда.

Азери өкмөтү болсо баалардын өскөнү өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн зарыл деп эсептейт. Эл аралык валюта кору, дүйнөлүк банк, Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы былтыр Азербайжанга мунай продуктыларына каралчу субсидияларды кыскартып, электр энергиясына тарифтерди жогорулатып,мунун эсебинен үнөмдөлгөн каражаттарды социалдык керектөөлөргө сарптоону сунуш кылышкан эле.

Жергиликтүү экономисттер болсо эми бардык тармактарда - айыл чарбасында, курулушта, өнөр жайында баа жапырт көтөрүлөт, күнүмдүк товарлар кымбаттайт деп эскертишүүдө. “Бу процесс экономиканын бардык чөйрөлөрүнө жайылат, жалыйнага жалчыбаган калкты ого бетер кынжылтат, кирешенин баарын туташ инфляция жалмап салат”, - дейт көз карандысыз экономисттердин бири Азер Мехдиев.

Коомчулуктун кыжаалатчылыгы массалык нааразылыкка алып келеби-жокпу,белгисиз. Оппозициядагы “Азадлыг” бирикмеси өкмөттү иштин көзүн билбейт деп айыптап, кызматтан кеткенге чакырды. Элдик майдан кыймылы баалардын өсүшү улуттун кендирин биротоло кесерин эскертип,нааразылык акцияларын өткөрөрүн билдирди. Бирок буга өкмөт жол койчудай эмес.

XS
SM
MD
LG